Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:37

ЖККУ: АЛТЫ МАМЛЕКЕТ КРЕМЛДИН БАШКЫ МҮДӨӨСҮН КОЛДООДОН БАШ ТАРТТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада кечээ (5-сентябрда) Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрдүн саммити өттү. Анын жыйынтыгында Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин таануу маселеси ар бир мамлекет өз алдынча чече турган иш катары каралаары белгиленди. Ал туурасында Москвада өткөн маалымат жыйынында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев айтып өттү. Кавказдагы окуялар боюнча кабыл алынган декларацияда ЖККУга мүчө мамлекеттер Түштүк Осетияга карата жасаган Грузиянын аракеттерине терс баа берип, тирешүүнү бас-бас кылууда Тбилисини буга чейин макулдашылган кептен тайбоого чакырышты. ЖККУ мамлекеттери аскердик жактан кызматташууну чыңдоого багытталган айрым келишимдерге да кол коюшту.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жетекчилери катышкан отурум Кремлдин Чоң залында өттү.

Ортого коюлган маселелер августтагы орусиялык–грузиялык кагылыш жана Грузиянын өзүн өзү көз каранды эмес жарыялаган эки жикчил жумуриятын таануу же тааныбоо маселелерин да өзүнө камтыды.

Ушул тапта аталган уюмга (ЖККУ) жети өлкө: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Дмитрий Медведев 2-сентябрда армяндык кесиптеши Серж Саркисян менен жолугуп, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Түштүк Осетия жана Абхазия боюнча маселелерде карманган-туткан жолу эми бул саммитте биротоло айкын болууга тийиш деген болчу.

Бирок саммиттин жыйынтыгы тууралуу жаңы түшкөн малыматта ЖККУ тобун түзгөн өлкөлөр Сухуми менен Цхинвалини таанууда ар бир мамлекет өз ыктыяры менен иш жүргүзсүн деген чечимге келишкени айтылат.

Бирок бул топко кирген Орусиядан тышкаркы алты мамлекеттин лидерлери Грузия менен болгон кармашта Маскөөнүн жасаган аракеттерин “дурус” деп баалаганы кабардалды.

Айрым серепчилер алдын-ала айткан пикирлерге караганда, Маскөөдө өткөн саммитте ЖККУ катышуучуларынын Кремл айткан кепке ийкемирээк мамиле жасаары, тактап айтканда, жикчил Абхазия менен Түштүк Осетияны эгемен мамлекеттер катары жапатырмак тааный тургандыгы күтүлгөн.

Анын себебин түшүндүргөндөр Шаңкай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жакында Дүйшөмбү шаарында өткөн отурумунда алардын Орусияны дароо колдоого албагандыгы баарыдан мурда Кытайдын таасири астында болду, эми болсо Бээжин жок, маселе Кремлдин пайдасына оңой-олтоң чечилет деп атышкан.

Орусиянын Грузиядагы аскерлерин алып чыгып кетүү маселесине келгенде Кремл Батыш менен кайым айтышууда.

Евробиримдиги Грузиянын аймагында дагы эле орусиялык аскерлер кала берип жатат десе, Маскөө ал жакта бейпилдик орнотчу гана күчтөрүбүз турат деп билдирди.

5-августа Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс: «Грузия менен ок атышууларды токтотуу келишимин аткаруудан баш тартып, Орусия өзүн өзү обочолонтуусун ого бетер күчөттү», - деди.

Кремлдин Батышка каршы турумунун артында саясий мүдөө жатканын Карнеги борборунун талдоочусу Лилия Шевцова “Азаттыкка” мындайча баяндап айтып берди.

- Грузияны жеңип алышын Маскөө кандай түшүнөт, ошого жараша болот. Эмне дегенде Маскөө өзүнүн согуштук жеңишин саясий жеңиш деп кабылдап жатат.

Шевцова айым ошон үчүн Маскөөгө Кавказдагы бул “жеңишинен” кечүү оңой болбой турганын белгилейт.

Анализчилер ЖККУну негизги уюткусу Орусия болгон жана ошондой эле Маскөөгө ыкташкан КМШнын өлкөлөрү кирген аскерий-саясий уюм катары баалашат.

Ал 1993-жылы уюшулган. Анын катарында Грузия менен Азербайжан да бар болучу. Алты жылдан соң үч мамлекет: Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан аны таштап чыгып кетишкен.

2002-жылдын май айынан тарта ал атын жаңы геосасий жагдайга жараша өзгөрткөн.

2006-жылы расмий Ташкен ЖККУга мүчөлүгүн кайра калыбына келтирген.

ЖККУ башкы максатын эл аралык террорчулук жана башка тышкы коркунучтарга каршы коопсуздукту чыңдоо жаатында биргелешип иш алып баруудан көрөт.

Ал эми Грузиядан бөлүнүп, өздөрүн бир тараптуу эгемен мамлекет катары жарыялаган жикчил эки аймакты (Түштүк Осетия менен Абхазияны) болсо азырынча Орусиядан сырткары солчулдар башкарган Никарагуа гана тааныды.

ЖККУнун Орусиядан башка мүчө өлкөлөрү, демек, Медведевдин оюндагы нерсени аткаруудан оолак болууну Кремлдеги саммитте да эп көрүштү.

XS
SM
MD
LG