Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

11:10 Ө.Текебаев: Бийлик менен оппозициянын ортосунда тең салмактуулук болуш керек


Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Мындай сунуш оппозициялык кыймылдар тарабынан даярдалып жаткан Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясына киргизилүүдө. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул идея уткан баарын алып, утулгандын шору болбой, оппозиция да реалдуу күч болуш үчүн, элдик көзөмөл болсо экен деген максатта киргизилип жатат. Анда мындай тең салмактуулук бийлик менен оппозициянын ортосунда эле эмес, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда да болсун, райондук кеңештер партиялык тизме менен шайланып, жеңип алган партия акимди дайындашы керек деген да сунуштар бар. “Акыйкат үчүн” кыймылы тарабынан иштелип жаткан бул концепция эмки айга белгиленип жаткан элдик курултайда сунушталаары күтүлүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG