Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Франциянын президенти бүгүн Москвага иш сапары менен келет


Николя Саркози Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, аны Грузиядагы ок атууларды токтотуу боюнча 12-августта жетишилген макулдашуунун шартын аткарууга жана Евробиримдик менен алакаларды бузбоого ынандырууга аракет кылат. Өткөн айда Франциянын лидери Саркози Орусия менен Грузия ортосундагы жаңжалда арачы болуп, Евробиримдиктин атынан аскердик өнөктүктү токтотуу долбоорун Москва жана Тбилисиге сунуш кылып, тараптар аны жактырган. Евробиримдиктин жетекчилери Москвага карата чаралар Саркози менен Медведевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына жараша болоорун билдиришти.

XS
SM
MD
LG