Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

К.АБДЫМЕН: ОППОЗИЦИЯ БИЙЛИККЕ ТААСИР ЭТЧҮ КҮЧКӨ АЙЛАНАТ ДЕП АЙТЫШ КЫЙЫН


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Ушул күндөрү Кыргызстандагы таасирдүү эсептелген “Акыйкат үчүн” кыймылына бириккен оппозициячылар менен экс-премьер министр Алмаз Атамбаев баштаган Социал-демократтар партиясы кеңейтилген коалиция түзүү алдында турат. Бул багытта учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалууда. Бүгүн (8-сентябрь) биргелешкен билдирүү чыгаары да болжолдонууда. “Азаттык” үналгысынын таңкы түз маегинде саясат таануучу Кубан Абдымен менен оппозициялык күчтөрдүн жаңы аракеттери тууарлуу кеп курдук.

- Бул эки саясий күчтүн биригүү демилгесине эмне түрткү болду деп ойлойсуз? Канткен менен Атамбаев өкмөт башчылыкка кеткенден кийин булардын ортосунда мамиле бир топ эле салкындап калбады беле?

- Туура, экөөнүн ортосунда мамиле бир топ салкындап кеткенден бери бир топ убакыт өтүп, бир топ өзгөрүүлөр болгондуктан бөтөндүн арасында өз болбостон, өз ара кошулабыз деген чечимге келишип, социал-демократтар мурдагы нугуна түшө тургандай саясатташтырууга мажбур болуп жатат. Себеби, азыркы түзүлгөн кырдаал, энергетикалык кризис элдин бийликке нааразылыгы күчөй тургандай ойлордун күчөп бараткандыгы чоң себеп болуп жатат деп ойлойм.

- Мындай демилгеде экс-премьер-министр Атамбаевдин кандай кызыкчылыгы бар? Парламентте өз фракциясы бар социал-демократтар партиясынын эмне кызыкчылыгы болду?

- Кызыкчылыгы бир эле. Жакындап келе жаткан катуу кыш андан кийинки жаздагы элдин толкундоолору азыркы бийликтин абалын бир топ алсыратып, бир топ кыйынчылыктарды түзө тургандыгы көрүнүп калды. Андыктан парламентте отуруп алып эле өзүлөрүнүн саясатын өз алдынча жүргүзгөндөн көрөкчө, көпчүлүктүн арасына кошулуп алып бир топ иштерди алгылыктуу кыла тургандай аракет кылсак, бизге дагы кийинки өзгөрүүлөрдүн арасында бир орун таап каларбыз деген кызыкчылык бар.

- Атамбаевдин өзүндө кандай кызыкчылык бар деп ойлойсуз?

- Бул жерде Атамбаевдин кызыкчылыгынан “Акыйкат үчүн” кыймылынын кызыкчылыгы көбүрөөк болуп жатат деп ойлойм. Бул жерде сүйлөшүүлөрдүн негизин өзүлөрүнө трибуна кылабыз деген максат - бул “Акыйкат үчүн” кыймылы тарап. Ошон үчүн Атамбаевге караганда, утушка албетте бул жерде “Акыйкат үчүн” кыймылы көбүрөөк ээ болот. Анткени буларга социал-демократтардын мүмкүнчүлүгү аркылуу өзүлөрүнө трибуна ала тургандай жол ачылып жатат.

- “Реформа үчүн” кыймылы тарыхта күчтүү оппозицялык саясатчыларды топтогон кыймыл катары таанылып калды. Бул кыймылдын тегерегинде кеңейтилген коалициянын түзүлүшү күчтүү бир оппозицияны жарата алышы мүмкүнбү?

-Азыркы түзүлгөн кырдаалда ошондой кыймылды түзүү максаты тургандыктан, аракет кылгандар көп болгону менен чындыгында күчтүү оппозиция мындан эки-үч жыл мурунку оппозициянын деңгээлине жете тургандай потенциалы чектелүү экени байкалып турат. Себеби, биримдиги жок болгон оппозицияны бириндетип, алардын аракеттерин болтурбоо азыркы бийликтин колунда экендиги байкалган. Ошондуктан, жакынкы арада оппозиция бийликке абдан күчтүү таасир кыла турган күчкө айланат деп айтыш кыйын.

Ошентсе да, бул кадам оппозициялык топтордун арасында бүгүнкү күндөгү чоң кадамдар жүрүп жаткандыгын түшүндүрөт. Алдыга көбүрөөк көз салып, анализдеп, бирдиктүү иш кылалык дагы анын натыйжасында бир ийгиликке келе тургандай жолду табабыз деген иш аракеттер болуп саналып жатат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG