Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Орус президентинин айтымында, Грузия НАТОго мүчөлүккө өтүүгө жакын калган учурда деле Орусия ага кол салмак


Орусия президенти Дмитрий Медведев бүгүн бир катар орусиялык адистер менен жолугушуусу маалында эгерде өткөн айдын башындагыдай кырдаал түзүлгөн болсо, анда Грузия НАТОго мүчөлүк үчүн камылга жасоого чакырылган чакта деле Грузияга каршы аскер колдонуу тууралуу чечимди эч токтоосуз чыгармак экенин билдирди. Анын оюнча, Грузия НАТОго кирчү болсо, анда ал өлкө НАТОдо жана жалпы Кавказ аймагында туруксуздаштыруу факторуна айланмак. Медведев 8-августта Тбилиси маскөөчүл Түштүк Осетия аймагына кол салуу менен Орусия үчүн 11-сентябрда АКШга каршы жасалган террордук сокку сыяктуу эле каралчу иш-аракетке барды деп айтты.

XS
SM
MD
LG