Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

БИЙЛИК CӨЗ ЭРКИНДИГИН КЫСУУ МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫН ООЗУН ЖАБУУДА


“Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору, учурда “Ачык саясат” гезитин чыгарып жаткан Бабырбек Жээнбековго белгисиз адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр уланууда. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясы “Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору, партиянын мүчөсү Бабырбек Жээнбековдун шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары кол тийбестик макамына карабастан мыйзамсыз камакка алган милиция кызматкерлеринин ишине байланыштуу прокуратурага кайрылмакчы. Кепти кабарчыбыз Замира Кожобаева улантат.

“Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору, учурда “Ачык саясат” гезитин чыгарып жаткан Бабырбек Жээнбековдун журналисттерге билдиргени боюнча коркутуп-үркүтүүлөр “Алиби” гезити жабыла элек мезгилде эле башталган:

-Мен июнь айында АКШга баргам. Ошол мезгилде бул жактан мага жогорку кызматтарда иштеген адамдардан бирөө телефон чалып: “Гезитти жабасыңар, өзүңөр бийликке келип, кечирим сурап, “Экинчи саясий иштер менен алектенбейм”, деп тил кат жазып бересиңер”, деп талап кылып коркуткан. Бирок биз андан баш тартканбыз.

Баш редактордун “Азаттыкка” билдиргени боюнча түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр азыркы убакта да уланууда. Жалпыга маалым болгондой Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Алиби” басылмасына президент Курманбек Бакиевдин иниси Асылбек Салиевдин ар-намысына шек келтргендиги үчүн 1 млн сом айып пулга жыккан. Бабырбек Жээнбековго болсо сот чечимин аткарбагандыгы үчүн деген айып менен кылмыш иши козголуп, анын негизинде 9-сентябрдан 11-сентябрга чейин камакта жатып чыккан.

Бабырбек Жээнбековдун айтуусунда, соттун чечими менен “Алиби” гезитинин мүлкү камакка алынып, жабылгандан кийин 1 млн сом айыппул төлөөгө редакциянын мүмкүнчүлүгү жок болуп калган. Ал эми баш редактор гезитке чегерилген айып пулду төлөөгө милдеттендирилген эмес.

Ушундан улам Бабырбек Жээнбеков өзүнүн камакка алынышын уулу, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, учурда Америкада жашап жаткан Равшан Жээнбековго кысым көрсөтүү максатында бийликтин жасаган аракети катары баалайт:

-Бул маселе - менин уулум, оппозиционер Равшан Жээнбековго тиешелүү. Баарыңыздарга белгилүү ага каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, “келе турган болсо камакка алынсын” деген соттун санкциясы берилген.

Бабырбек Жээнбеков 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышат. Камакка алынган учурда анын шайлоо талапкери катары колтийбестик макамы болгон. Бишкек шаардык ичики иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Борбордук шайлоо комитети менен макулдашпай туруп, аны камакка алганы үчүн жооп берүүгө тийиш деген пикирлер да бар.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев буга байланыштуу прокуратура органына кайрылышаарын маалымдады:

-Өткөн жумадагы жолугушууда БШК төрайымы да милиция кызматкерлеринин иши мыйзамсыз деген менин сөзүм менен макул болду. Бул ачык нерсе. Тергөөчүнүн биздин талапкерге карата мыйзамсыз аракеттери боюнча жоопко тартылышын талап кылып, прокуратурага кайрылабыз. Бул маселе -биздин экинчи кадамыбыз.

Мындан үч ай мурун президенттин инисинин ар-намысына шек келтиргендиги үчүн “Алиби” жана “Де-факто” гезиттерине Биринчи Май райондук соту 1 млн сомдон айып пул төлөө чечимин чыгарган. “Де-факто” гезитине мындан тышкары салык тармагындагы коррупция тууралуу макаланы жарыялаганы үчүн дагы 3 млн сомдук айып пул салынып, башкы редактору Чолпон Орозобековага кылмыш иши козголгон. Бийликтин мындай аракеттери коомчулук тарабынан сөз эркиндигине жасалып жаткан кысым катары кабылданууда.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев гезиттердин мындай жагдайга кирептер болушу-журналисттердин өзүнүн адистик катачылыгы деген ишенимде:

-Мен муну эч кандай кысым деп айта албайм. Журналисттер маалыматты аныктап, тактабай туруп басып жибергени –алардын катачылыгы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG