- Азимбек мырза азыр бийлик ичинде топтордун кармашы жүрүп жатканы тууралуу маалымат каражаттарында жарыяланууда. Бул бийликтеги кризисби же саясаттагы кадыресе көрүнүшпү?
А.Бекназаров: Бул маселени саясаттагы кадыресе көрүнүш деп айтуу кыйын. Ага караганда бийликтеги кризис деп айтсак жөндүү болот. Себеби дегенде, бүгүн президент Курманбек Бакиевдин айланасында эки чоң топ же болбосо Бакиевдин уулу менен анын инилеринин ортосунда чоң тирешүү пайда болуп жатат. Анын негизинде же мунусуна же тигинисине жакпаган айрым кадрларды кызматтан четтетүү, куугунтуктоо, момундай кемчиликтерди кетирди демиш болуп элдин көзүн бурмалоо болуп атат. Муну кадрлык кризис күндөн күнгө күч алып баратат деп ойлойм.
-Мунун кесепети кандай болот?
A.Бекназаров:- Мунун кесепетинде эмне? Бүгүн Курманбек Бакиевдин айланасында жалаң улуттун, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, “убактылуу чөнтөгүбүздү толтуруп эртең Россияга качып кете беребиз” деген кадрлардын келиши. Булар эч качан Кыргызстандын, мамлекеттин, элдин келечегин ойлобойт. Бир күнү чөнтөгү толгондо Курманбек Салиевич дагы бир күнү таштап салып, качып кете берет. Мына бүгүнкү көрүнүш ошолордун кандайдыр бир деңгээлде жеңишке ээ болуп жатканы. Мунун аягы жаман бүтүшү мүмкүн.
- Азыр абакта жаткан Ишенбай Кадырбековдун камалышы канчалык мыйзамдуу, сиз жактоочу катары Кадырбековдун учурдагы ал-акыбалына дагы токтоло кетсеңиз?
A.Бекназаров:- Эми Кадырбеков формалдуу түрдө мыйзамга ылайык эле камалып жатат. Эмне үчүн дегенде соттор тарабынан санкция берилген.Тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок мен ойлойм жактоочусу катары. Ага экономикалык кылмыш деп айып коюлуп жатат.Бирок ал экономикалык кылмыш эмес, саясий тапшырмага жакынырак. Эмне үчүн дегенде алты айдан бери тергөө жүрүп жатат. Конкреттүү далилдүү бир дагы айып коюла элек. Мына тергөө иштерин улантып жатабыз деген шылтоо менен эле аны абакта кармап жатышат.
Конкреттүү түрдө мынча зыян келтирген, муну мындай кылып койгон деген али далил жок. Анча-мынча айткан баягы мектептерди кымбат салып койгон, аны көзөмөлдөгөн эмес деген шылтоо менен эле кармап жатышат. Бирок мектептер бардыгы Кадырбековдун чечими менен эмес кыргыз өкмөтүнүн чечими менен салынган. Тендерди дагы кыргыз өкмөтү өткөргөн. Баасын ошолор чечип, акчасын Каржы министрлигинен которгон. Эгерде Кадырбеков ошолорду көзөмөлдөгөн эмес десе анда аны шалaакылык менен жоопко тартылышы керек болчу. Баягы кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген эмес.
Ошондуктан Ишенбай Кадырбековдун иши бул саясий иш. Саясий тапшырма. Себеби дегенде ал дагы белгилүү саясатчы. Мен жана жогоруда айткан Курманбек Бакиевдин айланасында отурган коррупцияга жакын бир топ чиновниктердин иши. Ошолордун шилтөөсү менен Кадырбеков ушундай абалга келип жатат. Бүгүнкү күндө анын ден-соолугу, акыбалы азыр жакшы. Али сына элек. Аны сындырууга аракет кылып жатышат. Бирок ал сынбай аягына чейин турам деп жатат.
- Маркум Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү кезинде сиздер Революциялык комитет түзүп, бир топ талаптарды коюп президент Бакиевге кайрылуу жолдодуңуздар эле. Докемдин көзү өткөндөн кийин Ревкомдун дагы деми өчтүбү деген суроо туулат?
A.Бекназаров:- Ревкомдун деми өчкөн жок. Биз жай айында ушундай чечкенбиз. Жайы менен Кыргызстандын булуң-бурчуна барып, аймагын кыдырып, азыркы бийликке элдин ишеними канчалык деңгээлде экенин билүү максатында мониторинг жүргүзөлү деген планыбыз бар болчу. План боюнча иш жүргүздүк. Мисалы өткөн жылы жазында президнт Бакиевге жана анын айланасында отурган чиновниктерге ишеним 50-60 пайыз болгон болсо, бүгүн эл арасында аларга ишеним жыйырма пайызга дагы жеткен жок. Же болбосо бүт аймактарда 70 пайыз эл азыркы бийликке ишеним көрсөтпөй жатат.
Биз ушул боюнча аймактарда мониторинг жүргүзгөндө эл арасында бийликке нааразылык күчөгөн. Айрыкча Жалал-Абат облусунда, Жалал-Абат шаарында. Бүгүн түздөн-түз Курманбек Бакиевдин жакын туугандарына каршы кыймылдар пайда боло баштады. Ревком ошолордун бардыгын координация кылып, мына орозо айы бүтсө ачыкка чыгып, кайсы облуста ким координатор, кайерде штаб болот, конкреттүү түрдө иш чараларды жүргүзүп, өз программабыз менен атүгүл бир лидер менен чыкканы жатабыз.
- Рахмат маегиңизге.