Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

РЕВКОМ: БАКИЕВ КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН БИЙЛИКТЕН КЕТҮҮСҮ КЕРЕК


Мурдагы баш прокурор, экс-депутат Азимбек Бекназаров башында турган Революциялык комитет өлкөнүн расмий бийлигин Конституциялык жол менен токтоосуз түрдө тактан кулатууну көздөйт. Бул тууралуу Кыргызстан элине кайрылуусун ревкомдун жетекчиси бүгүн маалымат жыйынында ачыктады. Анын айтуусунда 2005-жылы март ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев мамлекетти башкара алган жок. Айрым саясатчылар эгерде ыңкылап болсо ал кандуу болуусу ыктымал деген кооптоонууларын айтышууда.

Быйыл жазында куралган Революциялык комитеттин жетекчиси Азимбек Бекназаровдун бүгүн журналисттерге маалымдаганы боюнча ревкомдун курамында мындан үч жыл мурда март ыңкылабын ишке ашырууга салымын кошуп, азыркы президентти бийликке алып келген адамдар бар. Алардын айрымдарын санап кеткен Азимбек Бекназаров бүгүнкү кайрылуунун мазмуну дал ошол март ыңкылабына чейинки революциялык Кыргызстан элдик кыймылы (КЭК) тараткан кайрылуудан дээрлик өзгөртүүсүз көчүрүлүп алынгандыгын жарыя кылды.

Белгилүү болгондой мурдагы президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү максатында мындан үч жыл мурун түзүлгөн революциялык кыймылдын башында азыркы мамлекет башчы Курманбек Бакиев турган:

-Биздин ревкомдун курамында 2005-жылкы март ыңкылабын ишке ашырган эле адамдар бар. Мисалы Ош облусу боюнча координаторлор Анвар Артыков, Дүйшөн Чотонов, Жалал-Абадда Бектур Асанов. Бүгүнкү кайрылуунун мазмуну да ошол 2005-жылы 12-мартта Кыргызстан элдик кыймылы элге тараткан кайрылуунун мазмуну. Болгону Акаевдин бийлиги деген жерге эле Бакиевдин бийлиги деп кошуп жазып койдук. Мааниси өзгөргөн жок.

Азимбек Бекназаровдун “Азаттыктын” кабарчысына айтканы боюнча 2005-жылкы март окуясынын максаттары ишке ашкан жок, анын баарын азыркы президент уурдап алып, бирок ишке ашырбай, мурдагы бийлик түзүп кеткен үй бүлөлүк башкаруу системасын биротоло бекемдеп салды. Ал Кыргызстандын Башмыйзамы боюнча бийликтин туткасы эл экенин белгилеп, бул жолу ыңкылапчылар жаңылбай тургандыгына ишенээрин айтты:

-Кыргызстандын Конституциясында бийлик ээси –эл деп турат. Биз президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгесин көтөрүп чыгып, аны көпчүлүк эл колдоп чыга турган болсо, бул да Конституциялык жол болуп эсептелет. Көпчүлүк эл колдосо Бакиевди бийликтен Акаевди кетиргендей эле кетирип койсо болот. Бул дагы –Конституциялык жол.

Революциялык комитеттин башка оппозициялык кыймылдар менен көз караштары дээрлик бирдей эле. Бирок азыркы бийликти кулатуу ыкмаларына келген учурда бул көз караштар кайчы кеткен учурлар бар. Азимбек Бекназаров оппозициянын ичиндеги айрым саясатчылар президентти шайлоодо утулуп калат деген үмүттө жүрүшкөнүнүн өзү күлкү келерлик дейт:

-Бакиевди цивилизациялык жол менен шайлоого барып утуп алуу кыйын. Ал 95-96 пайыз добушту каалагандай кылып алып, жеңишке жетише берет. Ошондуктан, биздин бирден-бир жол- революциялык жол гана. Эл талап кылып, катуу күч келсе аргасы жок таштап кетүүгө мажбур болот.

Азимбек Бекназаровдун маалымдаганы боюнча ревком ишин октябрь айынан тартып жандандыра баштайт.

Жаңы бийлик орногондон бери оппозициянын элди аянтка алып чыгууга чейин жеткен эки ири нааразылык акциялары максатына жетпей калганы белгилүү. Эки жолу тең президент оппозициянын талаптарын жарым-жартылай аткарымыш болуп, натыйжада өз саясатын гана ишке ашырган. Бул жолу да оозу күйүп калбас үчүн эң биринчи Курманбек Бакиевдин кызматтан кетиши талап кылынышы зарыл деп белгилейт Азимбек Бекназаров.

Революциялык комитеттин президент Курманбек Бакиевди токтоосуз түрдо кызматтан кетирүү тууралуу демилгеси оппозициялык саясатчылардын жана саясат талдоочулардын түрдүү пикирлерин жаратууда. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев ушул тапта өлкөдө 2004-жылдагыдай, андан да оор кырдаал орногонун белгилеп, Бакиевдин бийлигин кулатуу үчүн эл көтөрүлүүсү толук ыктымал деген ойдо:

-Экономикалык, саясий жагынан да, саясатта да акыбал өтө оор. Мыйзамдуу жол менен бийликке келүүнүн жолдорун издеп, былтыр шайлоого катышканбыз. Бирок шайлоону булар орой бузуп, өздөрү каалагандай жыйынтыктарды чыгарып алышты. Албетте, ушундай натыйжалардан кийин көпчүлүк саясий күчтөр “мыйзамдуу жол менен күрөшүүгө болбойт турбайбы” деген чечимге келишти. Ошондуктан, мына ушундай радикалдуу көз караштар, сунуштар эл арасында көп айтыла баштады. Көпчүлүгү ачык эле Бакиев кандай жол менен келсе ошондой жол менен кетүүгө тийиш деп ачык эле айтып атышат.

Темир Сариевдин айтуусунда эл биригип, бир талап менен чыкса, “Ак шумкар” партиясынын мүдөөсү алар менен бир болуусу толук ыктымал. Бирок келерки ыңкылап март ыңкылабындай тынч, кансыз болбойт. Бул жолу кыргыз эли экиге бөлүнүп, атуулдук согуш чыгып кетиши ыктымал деген кооптоонгон пикирлер да бар. Саясат таануучу Марс Сариев оппозиция радикалдык ыкма менен эмес цивилизациялык жол менен президент Бакиевге талап койгону кыргыз эли үчүн пайда болот деп эсептейт:

-Бийликке талапты күчөтүп, массалык кыймылдарды уюштуруп, бирок цивилизациялык ыкмалар менен бийликке басым көрсөтүү керек. Интеллигенция да элге биригип, түндүк-түштүк болуп, клан системаларына бөлүнбөй, кыргыз эли чогуу Бакиевге талап коюуга тийиш. Ал эми Бекназаровдун бүгүнкү билдирүүсү -жоопкерсиз, тескерисинче элге зыян алып келген билдирүү деп эсептеймин.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG