Оппозициянын болжол менен кыркка жакын мүчөсү 1990-жылдардын соңунда дайынсыз жоголгон саясатчылардын жана журналисттердин сүрөттөрүн кармап, митингге чыгышкан. Нааразылык акциясы парламенттик шайлоого эки апта калганда уюштурулду. Беларус бийлиги шайлоо ачык жана таза өтөрүн убада кылууда. Президент Александр Лукашенко 28-сентябрга белгиленген шайлоого көзөмөл салууга жүздөгөн байкоочуларды чакырганы кабарланууда.