Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

ЙЕМЕНДЕ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ


Жаңыл Жусубжан, Прага ш. Бүгүн (17-сентябрда) Йемендин баш калаасында АКШнын элчилигинин алдында унаа жардырылды. Бул террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти исламчыл жоочулар өздөрүнө алышты. Йемендин Коргоо министрлиги террордук кол салуудан 16 киши курман болгонун, алардын төртөө кол салгандар экендигин маалымдады. Элчиликтин маалымат катчысы жардыруудан кийин дагы башка да бир нече жардыруу орун алганын билдирүүдө.

Йемендин баш калаасы Санадагы (Sana'a) АКШнын элчилигинин алдындагы жардыруу болгон жерге тез жардам жана коопсуздук күчтөрү агылып келишти. Күбөлөр аз эле дегенде эки жардыруу болгонун, анын кеминде бирөөндө машина жарылганын, андан кийин элчиликтин айланасында атышуу болгондугун баяндашты.

Элчиликтин маалымат катчысы Рян Гилха "көп сандаган киши" курман болгонун билдирди.

Ал эми Йемендин коргонуу министрлиги 16 киши. анын ичинде кол салган алты жоочу, алты коопсуздук кызматкери жана көчөдө бараткан төрт киши набыт болгондугун билдирди.

Йемендин коопсуздук кызматынын өкүлү элчиликке мина жүктөлгөн эки машина менен чабуул жасашканын, жардыруулардан кийин 10 мүнөттөй ок атышуу болгондугун бышыктады.

Ал эми элчиликтин өкүлү Гилха биринчи жарыдуудан кийин дагы бир нече жардыруу болгондугун, жардыруудан элчиликке жакын жердеги бир нече үй катуу талкалангандыгын баяндады, бирок элчиликтин имаратына зыян келген-келбегени тууралуу маалымат берген жок.

«Ал-Кайиданын» анабашы Осама бин-Ладендин теги - Йеменден. Бул өлкөнүн баш калаасындагы АКШнын элчилигин жоочулар буга чейин бир нече жолу бутага алышкан.

Ушул жылдын мартында элчилик минометтон аткыланганда ок коңшулаш кыздар мектебине тийип, бир кароолчу, 13 окуучу кыз жараат алган. Гилханын сөзү боюнча, ал окуядан кийин элчиликтин бир катар кызматкерлери жана алардын бала-чакасы өлкөдөн чыгарылып кеткен, бирок алар мындан 3-4 жума мурда кайтып келишкен болчу.

Өкмөттүн күч-аракеттерине карабастан, Йеменде «ал-Кайида» кыйла активдүүлүгү менен айырмаланат.

2000-жылы Йемендин Аден портунда турган АКШнын аскердик ЮСС Коул кемеси жардырылып, 17 америкалык деңиз аскери набыт болгондо да, жана андан эки жылдан кийин франциялык мунай танкерине кол салууда бир киши каза тапканда да «ал-Кайиданы» күнөөлөшкөн.

Бүгүнкү жардыруу үчүн жоопкерчиликти Йемендеги өзүн «Исламдык Жихад» деп атаган топ өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG