Израилдин бийликтеги “Кадима” партиясы, ошентип, азыркы партия лидери жана өкмөт башчысы Эхуд Олмерттиин ордуна жаңы партия лидери кылып саясатчы айымды, тышкы иштер министри кызматын аркалап келген Ципни Ливнини шайлады. Анын жеңишин тарапкерлери шаттануу менен тосуп алышты.
«Кадима» партиясын мындан үч жыл илгери ошол кездеги премьер-министр Ариел Шарон негиздеген. Шарон эс-учунан тангандан кийин партияны жана өкмөттү Эхуд Олмерт жетектеп калган. 2006-жылдагы Ливан согушу үчүн жана коррупция кулачын жайганы үчүн коомчулуктун кескин сынына кабылган Эхуд Олмерт эгерде өз ордуна башка татыктуу киши табылса, анда партия жетекчилигин жана өкмөт башчылыгын өткөрүп берүүгө даярдыгын билдирген.
Ципи Ливни Израилдин тарыхый коңшулары менен узактан бери созулуп келе жаткан жаңжалдуу алакаларын дипломатиялык жол менен чечүүнүн тарапкери жана ушул өзгөчөлүгү өткөн шайлоолордо да ага кыйла упай топтоого огожо болуп келген.
Израилдик саясий серепчи Ари Шавит шайлоонун жыйынтыктары тууралуу сөз кылып, 50 жаштагы Ливни башка саясатчылардан өзгөчөлөнүп тураарын баса белгиледи:
- Бул, биринчиден, диний кедергини жеңип чыккан чечим болду жана таптакыр жаңы сапаттарга эгедер лидерди тандоонун аракети болду. Бир эле учурда аялзатынын өкүлү, аскерлерге тийешеси жок карапайым кызматкер, байистүү, адамгерчиликтүү болгон инсан тандалды; бул сыяктуу жетекчи азыркыга чейинки жылдары бийликте турган лидерлерден өтө айырмаланып турат.
Ливни тынчтык саясатынын ырааттуу жактоочусу болгон “көгүчкөндөргө” салыштырмалуу борборчул турумда, бирок ошентсе да, палестиналыктар менен эриш-аркак жашаганга курал эмес, сүйлөшүүлөр гана мүмкүндүк түзүп берет деп ишенет.
Жыйырма жаш чамаларында Ципи Ливни Израилдин «Моссад» деп аталган айтылуу чалгын кызматында жашыруун тыңчы болуп төрт жылдай иштеген.
Саясатка келген чакта ал алгач оңчул “Ликуд” партиясынын мүчөсү болгон, бирок кийинчерээк 2005-жылы Ариел Шарон негиздеген борборчул “Кадима” партиясынын катарына өткөн. Ал көптөгөн министрлик кызматтарды аркалаган. Маселен, аймактык кызматташтык, айыл чарба, миграция жана адилет министрлик кызматтарын аркалаган.
Ал эми тышкы иштер министри кызматында Ливни айым өз өлкөсүндө абдан таанымал саясатчы болуп чыга келди жана эл аралык коомчулукта өзү тууралуу жагымдуу таасир калтырды. Ал турсун АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс да аны “бейкуттуктун айымы” деп сыпаттаганы бар. Мындан тышкары Израилдин буга чейинки төрт лидеринен айырмаланып, анын ысымы паракорчулукка аралашкан деп шектелип, жаманаттыга калгандардын арасынан учураган эмес.
“Тайм” журналы Ливни айымды дүйнөдөгү эң таасирлүү жүз адамдын бири деп атаган эле. Эгерде ал Израилдин премьер министри болуп дайындалса, анда ал бул өлкөнүн тарыхтагы экинчи премьер министр айымы болот. Буга чейин 1969-1974-жылдары Голда Мэйр (Golda Meir) айым өлкөдө премьерлик ишти аркалаган эле.
Ал эми анын атаандашы болгон Шаул Мофаздын топурагы башка. Генерал наамына чейин жеткен мурдагы аскерий адам убагында аскердик штабды жетектеп, коргоонуу министри да болгон.
Мофаз мырза, израилдик гезиттердин биринде чыккан билдирүүсүндө, эгерде премьер министр болчу болсо, анда олуттуу саясий жараян баштаарын билдирип, тынчтыкка жетүүнүн “реалдуу” жолдорун издей турганын айтып чыккан.
59 жаштагы бул саясатчы Иранда туулган. Ирандын өзөктүк программасына ал караманча-каршы турат. Ал турсун, эгерде Ирандын өзөктүк курал-жарак сатып алуусун болтурбоо муктаждыгы келип чыкса, анда Израил Иранга чабуул жасашы керек деп кесе айтканы бар.
Учурда унаа министри кызматын аркалаган Шаул Мофаздын шайлоо өнөктүгү коопсуздук маселесине негизделген болчу.
Эми Ципни Ливни алты апта ичинде коалициялык өкмөт кураганга жетиши керек.
Эгерде бул мөөнөттө ал жаңы коалициялык өкмөт курай албаса, анда Израилде жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана болочокку шайлоодо «Кадима» партиясы негизги атаандашы – оңчул «Ликуд» партиясына утулуп калышы да ажеп эмес.