Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

16:17 КМШ саммитинин күн тартибинин долбооруна 18 маселе киргизилүүдө


Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин жана мамлекет башчыларынын жыйыны 9-10 октябрда Бишкекте өтмөкчү. Ага КМШга мүчө бардык өлкөлөрдүн башчылары катышаары күтүлүп жатат. Белгилүү болгондой КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Бишкек саммитинде негизинен КМШнын 2020-жылга чейинки экономикалык өнүгүү стратегиясынын долбоору, КМШны мындан ары өнүктүрүү Концепциясын ишке ашырууга багытталган негизги иш чаралардын планына байланышкан документтер каралмакчы. Мындан сырткары энергетика тармагында, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыкка жана 2009-жылды Жаштар жылы деп жарыялоого байланышкан маселелер бар. (SM)

XS
SM
MD
LG