Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

А.БЕГМАТОВ: БШК КАДЫРБЕКОВДУН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫН АНЫКТАЙ АЛБАЙТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Азаттык” үналгысынын таңкы түз маегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов “Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодекси боюнча талапкердин шайлануу укугун камсыздап, Ишенбай Кадырбековду Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына каттаган. Ал эми анын баш коргоо чарасын аныктоо-соттун иши”, - деп билдирди. Тергөө абагында отурган Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков Асанбай шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп катталган.

- Абдыжапар мырза, “Ата Мекен” партиясынан катталган талапкер Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө байланышкан талаш-тартыштар чечилбей келе жатат. Өткөн жумада БШК мүчөлөрү каржы полициясынын Кадырбековду жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык жүрүп жаткан кезде абакта кармоону улантуу тууралуу өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарып берген элеңиздер. Кечээ Биринчи Май райондук соту бул чечимди жокко чыгарды. Сотко кайрылган тарап БШК мындай чечимди өз алдынча чыгарууга укугу жок деп белгилөөдө.. Эми буга карата БШК кандайдыр бир чара көрүүсү мүмкүнбү?

А.Бегматов: - Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 5-бөлүгүндө жазылып турат: “Кылмыш ишинин козголушу –талапкердин өзүнүн шайланууга болгон укугунун ишке ашырылуусуна тыюу сала албайт” деп. Бул жерде талапкердин баш коргоо чарасын аныктоо сот органдарынын иши.

Ал эми биз кылмыш иши козголуп калган кишинин шайланууга болгон укугун ишке ашыруу үчүн аны талапкер катары каттадык. Асанбай аймактык шайлоо комиссиясы 5-сентябрда аны каттаган. Ал эми баш коргоо чарасын шайлоо комиссиялары аныктабайт. Бул эми соттун иши.

-БШК Шайлоо кодексиндеги өзүнүн укугун негиздеп, Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн кандайдыр бир аракеттерди көрөбү?

А.Бегматов: -Биз талапкер катары каттадык. Талапкердин макамы жөнүндөгү Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык анын шайланууга укугун камсыз кылып бердик.. Баш коргоо чарасын биз аныктай албайбыз. БШКнын жыйынында да бир түрдүү ой болгон эмес, түрдүү пикирлер болгон.

Акырында жамааттык орган болгон үчүн каржы полициясынын баш коргоо чарасын өзгөртпөөнү сураган өтүнүчүн канааттандырбай, талапкердин укугун сактоо үчүн өз сунушубузду бергенбиз. Бул сунуш бойдон эле калат.

-Кыскача маалымат берип кетсеңиз: жергиликтүү кеңештерге шайлоого канча талапкер катталды? Менин билишимче, талапкерлерди көрсөтүү боюнча партиялардын алдында “Ак жол” турат?

А.Бегматов: -Белгилүү болгондой, жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди жылдыруу жана аларды каттоо иштери аяктаган. Жалпы өлкө боюнча айылдык, райондук, поселкалык жана шаардык кеңештердин депутаттыгына 7643 мандат бар.

Бул мандаттарга ээ болуу үчүн ат салышуу максатында катталып, шайлоо бюллетендерине кирген 15 139 талапкер бар. БШКга баары биригип 16621 талапкерден арыз түшкөн. Бирок алардын 484үнө түрдүү себептер менен каттоодон баш тартылган. Партиялардын атынан 835 талапкер катталды. Бул –жалпы талапкерлердин 5,5% түзөт. Ошондой эле талапкер аялдар 17 пайыздын тегерегинде.

Талапкерлеринин көптүгү жагынан чынында эле “Ак жол” партиясы турат. Аталган партиядан 324 талапкер катталды. Андан кийинки орунда Социал-демократтар партиясы турат, алардан 201 талапкер жергиликтүү шайлоого ат салышат. Андан кийин Кыргызстан коммунисттери партиясынан 94, “Ата Мекен” партиясынан 55 талапкер катталган.

-Абдыжапар мырза, маегиниз учун рахмат.

XS
SM
MD
LG