Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

СААКАШВИЛИ ЭКИНЧИ ТӨҢКӨРҮШ УЮШТУРУУГА СӨЗ БЕРДИ


Жаңыл Жусубжан , Прага Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кечээ шейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында чыгып сүйлөп, экинчи «роза төңкөрүшүн» убада кылды. 2004-жылдагы кансыз төңкөрүштө бийликке келген революционер-президент Орусиянын баскынчылыгына жана авторитардык бийлигине каршы туруп өз өлкөсүндө демократиянын арымын күчөтүүгө ниети бар экенин айгинеледи.

Грузияны "беш миллионго жетпеген калкы бар, кичинекей алыскы өлкө" деп мүнөздөгөн грузин президенти Орусиянын өткөн айдагы баскынчылыгын "Бириккен Улуттардын орток асыл-нарктарына кол салуу" деп айыптап, буга экинчи «роза төңкөрүшүн» каршы кое тургандыгын мындайча жарыялады:

- Муну "экинчи роза революциясы" десек аша чапкан болбойбуз. Биринчи төңкөрүштө биз ички милдетти - коррупцияга баткан, очорулуп калган өлкөнү бутуна тургузууну максат кылганбыз. Экинчи революция биринчисинен да курч болушу керек, анткени алдыда мурдагыдан да күчтүү коркунучтар турат.

Саакашвили экинчи төңкөрүштүн жүрүшүндө грузин парламентине жана акыйкаттык тармагына кеңири эркиндик берүүгө, оппозициячыл партияларды колдоп, саясий ар кылдуулукту тереңдетүүгө, мыйзамдуулукту бекемдеп, жеке менчикти коргоону күч алдырууга убада кылды. Президенти бул милдеттерди аркалоо үчүн Грузия эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж экендигин баса белгилеп, Бириккен Улуттарды Грузиядан бөлүнүп кеткен Түштүк Осетия менен Абхазияны тааныбоо саясатын кабыл алууга, Орусиянын элдешүү келишимин толук аткарышына кепил болууга жана Грузияны андан бөлүнүп кеткен жумурияттар менен кайра бириктирүү процессин колго алууга чакырды.

Саакашвилинин айтымында, ал өз өлкөсүндө демократияны бекемдөө менен катар, өткөн айдагы жаңжалдын башталышын жана жүрүшүн иликтеген көз карандысыз тергөөчүлөр менен толук кызматташууга сөз берди.

Грузияга байланыштуу Кошмо Штаттар жана дагы беш өлкө бүгүн Орусияга каршы кошумча санкция киргизүүнү талкуулашууда. Бирок мындай жолугушуунун алдында АКШнын Мамкатчысы Колдолиза Райс Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуга тургандыгын анын маалымат кызматы бышыктады.

Шаршембиде эртең менен АКШнын президенти Жорж Буш жыйын башталгандан бери сегизинчи жолу чыгып сүйлөдү. Бул ирет ал Бириккен Улуттарды пайдасы жок уюм деген маңыздагы сөзүн кескин өзгөртүп, тескерисинче, терроризм жана экстремизм менен күрөштө өтө керек деп айтты.

Ал эми грузин президентинин алдында Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад БУУда чыгып сүйлөгөн эле. Адаттагысындай, Аллага жана моралдуулукка улам кайра шилтеме берген сөзүндө ал "кой терисин жамынган ционисттер" америкалыктар менен европалыктарды каалагандай чакмак ойноп жатат деп ырастады.

XS
SM
MD
LG