Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

10:05 Ысык-Көл облусундагы Корумду айылындагы орто мектептин мугалимдери иш ташташты


Бул тууралуу облустагы кабарчыбыз Рита Нурманбет кызы билдирди. Анын маалыматына караганда, Карамолдо Орозов атындагы орто мектептин 30 мугалими райондук прокуратурадан жана райондук билим берүү бөлүмүнөн аталган мектептин мугалими Максаткүл Мамытовага кысым көрсөтпөөнү, аны коркутуп-үркүтүүнү токтотууну талап кылышууда. Мамытова Жогорку Кеңештин жанында башка аймактардан келишкен мугалимдер менен эмгек стажына кошумча каражатты өндүрүп берүү талабы менен Бишкекке барганы үчүн райондук прокуратура жана райондук билим берүү тармагы тарабынан куугунтукка алынган. Ошондой эле Корумду орто мектебинин директору Эмил Мааткеримовду “мугалимдерди тынчытпасаң кызматтан кетесиң”, деп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы анын өз колунан арыз жаздырып алган. Аталган мектептин мугалимдерине эмгек стажына кошумча 766 миң сом берилсин деген соттун чечими чыккан, деп билдирди Рита Нурманбет кызы. (AJ)

XS
SM
MD
LG