Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

КЕЗЕК КАЙРАДАН КОНГРЕССМЕНДЕРГЕ КЕЛДИ


АКШда бүгүн конгресстин өкүлдөр палатасы экинчи ирет улуттук банк секторуна колдоо көрсөтүү планын карайт. Долбоорду палата аптанын башында жаратпай койгон эле. Документти шаршемби күнү сенат талкуулап, көпчүлүк добуш менен жактырды. Бирок ал эки палатада тең кабыл алынганда гана мыйзамга айланат. Байкоочулар “Полсон планын” бул жолу конгрессмендердин көбү колдоп берет дешет.

Документ дүйшөмбү күнү өкүлдөр палатасында биринчи ирет колго салынганда ага 228 конгрессмен каршы добуш берген эле. Болгондо да алардын үчтөн экиси өңчөй республикалык партиянын өкүлдөрү болушкан, аларга консервативдүү бюджет саясатын жактаган демократтардын тобу кошулган.

Палата эми документти экинчи ирет добушка коёт. Конгрессмендердин бир даары өткөндөгү көз карашынан кайта элек. Сенатта планга айрым түзөтүүлөр киргизилгени да аларды ынанта алган жок. Бирок эң башкысы - оппоненттер тобу жеке менчик финансы компаниялары жыдытып алган алардын акцияларын мамлекет казынадан 700 миллиард доллар акча сарптап сатып алганы жатканын натуура деп эсептешет.

Деген менен сенаттын чечиминен кийин конгрессмендер арасында оппоненттердин катары суюла түшкөнсүдү. Андыктан өкмөттүн финансы чөйрөсүн куткаруу планы кантсе да палатада колдоого алынары калетсиз көрүнөт.

Экономика чөйрөсүндө Нобелдин сыйлыгына арзыган америкалык үч илимпоз – Жозеф Стиглиц,Эрик Маскин жана Роберт Манделл – жалпы жонунан сенатта кабыл алынган долбоорду колдошту. Ошол эле учурда Стиглиц азыркы кризистин пайда болорун мындан бир жылдай мурда эле эскертип, атүгүл 700 миллиард доллар өлчөмүндөгү каражат кайтарылбас кредиттердин ордун жабууда жөн эле бир “көбүк” болуп калат деп атаганын да эске салды. Ал эми Эрик Маскин болсо азыркы чаралардын натыйжасына күмөндүү карап, АКШда мындан ары насыя акчаны кайтарганга анча-мынча мүмкүнчүлүгү барларга гана кредит берген система түзүлүшү зарылдыгын көрсөттү.

Башка бир эксперттер болсо АКШ экономикасы туш болгон азыркы жагдайды Улуу депрессия менен салыштыра башташты. Миллиардер Уоррен Баффет,мисалы, PBC телеканалындагы сөзүндө учурдагы кырдаалды “анык экономикалык Перл-Харбор” деп атады. Эгер конгрессте өкмөттүн чукул куткаруу планы кайрадан өтпөй калса, анда өлкөдөгү бардык чакан жана орто бизнеске кризистин алеки саатта кесири тиет, деп айтты ал.

Экономист Патрик Борман да азыркы кризистен чыгуунун тыкыр жолу табылбаса, миллиондогон америкалыктар гана эмес, миллиондогон европалыктар деле жумушсуз каларын көрсөттү.

Жагдайды Европа борбордук банкы Башкаруу кеңешинде эки күн талкуулады. Банк башчысы Жан-Клод Трише экономика чөйрөсүндөгү кырдаалды кылдат талдап көрүшүп, өтө кыйын арсар абал түзүлгөнү тууралуу бүтүмгө келишкенин моюнга алды.

Эртең, ишемби күнү, Парижде Британия,Германия, Италия жана Франция лидерлери атайын жыйынга чогулуп, финансылык кризистен чыгуунун стратегиясын талкуулаганы жатышат. Брюсселдеги Bruegel изилдөө борборунун эксперти Николас Верон буга байланыштуу Евросоюздун деңгээлинде “Полсон планындай” программа түзүлөрүнө көзү жетпесин айтып, мунун себебин шаркетте бирдиктүү финансы системасы жоктугу менен түшүндүрдү.

Бейшемби күнү дүйнөлүк фонд биржалары жалпысынан негизги индекстердин илээлеп ылдыйлаган көрсөткүчтөрү менен жабылды.

XS
SM
MD
LG