Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Мирсаид Миррахимов 2-октябрда 81 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, академик менен коштошуу зыйнаты жекшемби күнү, 5-октябрда өтөт. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Кардиологиялык илимий-изилдөө институтту, Кардиология борборун түзгөн Мирсаид Мирррахимов 27-мартта 1927-жылы Бишкек шаарында туулган. 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктап өмүрүнүн акыркы учуруна чейин медицина тармагында эмгектенип келген. Бир катар мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болуп, эл аралык сыйлыктардын ээси болгон. Миррахимовго Ата Түрк Мустафа Кемал атындагы маданият жана илим боюнча эл аралык кайрымдуулук кору “ХХI кылымдын улуу дарыгери” деген алтын медалын тапшырган. (AJ)