Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

17:00 Мугалимдер И.Чудиновго кайрылуу жолдошту


Эмгек стажына кошумча төлөмдөрдү ала албай жүргөн мугалимдердин айрымдары премьер-министр Игорь Чудинов жана вице-премьер министр Элмира Ибраимованын атына кайрылуу жолдошту. Анда мугалимдер бул маселени чечүүдө жалпы мугалимдердин өкүлү болуудан баш тартышканын, окуя курчуп кетсе жооп бербей тургандарын айтышкан. “Ар бир мугалим өз кызыкчылыгын өзү гана коргойт. Айласы түгөнгөндөн эч кандай башкарууга көнбөгөн топту кимдир бирөөлөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Аларды биз башкара албайбыз. Жоон топтун атынан келип конкреттүү жыйынтык чыгара албаган бизди алар укпайт дагы. Биз адамдарды оор абалга таштап, телевизорду тиктеп отурган чиновниктердин атынан сүйлөй албайбыз. Бардык мугалимдерди сиздердин жообуңуздарды күтүүгө көндүрүүдөбүз” деп жазылат кайрылууда. Ушул эле кайрылуунун көчүрмөсү Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовго да жолдонгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG