Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:16

10:20 К.Досумбетов: Кыргызстандын түштүгүндө катуу жер титирөө болду


Кыргыз Республикасынын илимдер улуттук академиясынын алдындагы сейсмологиялык институттун маалыматы боюнча 2008-жылы 5-октябрда саат 22:53 тө Алай районунда катуу жер титирөө катталган. Зилзаланын күчү очогунда 8 баллга жеткен. Ош шаарынын түштүк чыгышынан 220 чакырым, Сопу-Коргон айылынан 150 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Ошто-6, Баткенде- 5-6, Бишкекте - 3,5 баллга жеткен.Алдын ала алынган маалыматтарга караганда Нура айылынан 58 адам каза болду. 120 үй кыйраган. 50 адам денесинен ар кандай жаракат алган. Автожолдордун үстүңкү катмарлары жабыркаган. Байланыш үзүлгөн. Алай районундагы Нура айылында 211 үй, 941 адам жашайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө болгон жерде издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Учурда кырсык болгон жерде жүргөн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Муканбет Шадыкановдун жетекчилиги астында чукул кырдаалды калыбына келтирүү боюнча ыкчам аракеттеги штаб түзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругуна ылайык Нура айылына 4 техника, министрликтин куткаруучу бөлүгүнүн жеке курамындагы 27 адам,100 жылыткыч, 20 кышкы чатыр, 600 литр минералдык суу жана жылуу кийимдер жөнөтүлдү. Бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:45те кырсык болгон жерге тик учак менен өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баш болгон 10 адамдан турган издөө-куткаруу тобу, УТРК менен НТС жана башка кызматтын журналисттери жөнөп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомчулук жана басма сөз кызматы менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Кылыч Досумбетов “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG