Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

А.АБДРАСУЛОВА: ШАЙЛООНУ ЛЕГИТИМСИЗ ДЕП ТАБУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗГӨН ЖАГДАЙЛАР БОЛДУ


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек “Кылым шамы” укук коргоо борбору Кыргызстандагы 6 өкмөттүк эмес уюм менен биргеликте “Менин тандоомдун мезгили” аттуу топ түзүп, жергиликтүү кеңешке шайлоого байкоо жүргүздү. Кечээки шайлоодо Бишкек шаарынын Асанбай шайлоо округу боюнча байкоо жүргүзгөн аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыктын” таңкы түз обосундагы маектердин биринде шайлоо кандай өткөну туурасында кеп салды.

- Азиза айым, сиздер бул шайлоодо кандай кемчиликтерди байкай алдыңыздар?

Шайлоо мурдагыдай эле бир топ кемчиликтер менен коштолду. Эң биринчиси - кечээ окружкомдордун баардыгын кечинде райадминистрацияга көчүрүү демилгеси мурун эле Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы тарабынан 30-сентябрда 108-токтом менен кабыл алынган экен. Ал бизге кечээ түштөн кийин гана билинди. Ошол боюнча жарандык коом тарабынан каршылык билдирип, Бишкек шаардык комиссияга жана сотторго кайрылып, 11 округдук шайлоо комиссияларын райадминистрацияларга көчүрүүнү токтотуп калдык. Жибек жолу, Тоголок Молдо, Түндүк шайлоо округдары райадминистрацияларга көчүп барып, кайра кайтып келишти. Эң биринчи өтө чоң укук бузуу ушуну менен башталды. Андан кийин байкоочуларды адаттагыдай эле көрбөй, байкабай турган паспортторду, тизмелерди окуй албай тургандай жайгаштырып, байкоочулардын ичинде дагы бир топ тоскоолдуктар болду. Кечинде болсо участкалык шайлоо комиссиялары протоколдорду байкоочуларга берүүдөн баш тартып, дээрлик биздин жарандык коом тарабынан коюлган байкоочулар протоколдорду алалбастан кетишти. Бул дагы чоң мыйзам бузуу болуп эсептелет. Анан мен өзүм байкоо жүргүзүп отурган Асанбай шайлоо округунда кызык окуялар болду. Түнкү саат бирден 3-4гө чейин эмнегедир шайлоо бюллетендерин милиция жана шайлоо комиссиялардын секретарлары алып келип, коридордо алып кирбестен күтүп турушту. 7-8 участкадан төрагалар келишкен жок. Биз 3-4 саат бою төрагаларды күтүп отурдук.

- Шайлоочулардын катышуусу кандай болду?

Шайлоочулардын катышуусу өтө деле жакшы эмес, 27-30-35 пайызга чейин экен. Төрагаларды күтүп отуруп, киргиле, тапшыра бергиле деп катчыларын чакырганда, протоколдор бизде эмес, төрагада деп чыгышты. Төрага протоколду алып алып, түнкү саат 2-3дө кайда жүрөт деген суроого, төрагада да, менде да бар деп жооп беришип, эмне эки протокол барбы десек, шаштысы кетип, бир топ мыйзам бузуулар, кодекске карама-каршы келген нерселер айтылып атты. Ошону менен бюллетендер 2-3 саат мурун келди окружкомго. Ал эми төрагалары 2-3 саат кийин келишип, эми эле тапшырып болушту. Азыр жыйынтык чыгып атат. Көп эле мыйзам бузуулар болду.

- Ушул мыйзам бузууларды топтоп туруп айтканда, шайлоонун легитимдүүлүгү жөнүндө маселе чыгышы мүмкүнбү?

Шайлоонун легитимдүүлүгү жөнүндө, мисалы Асанбай округунан андай чыкпайт деп ойлойм. Бирок балким чыгып да калышы мүмкүн эки маселе боюнча, биринчи ушул округда бир бюллетень жетпей калып, акт жазып берди. 1103 шайлоо участкасынан төрага акт жазып атат, ошол бюллетенди шайлоочу сыртка алып чыгып кетип калды деп. Ал сыртка алып чыгып кетип калганда, аны колдон колго өткөзгөнгө мүмкүнчүлү түзүлүп калат. Ал эми экинчи легитимсиз деп жарыялаганга мүмкүн болгон жагдай, Көк-Жарда массалык түрдө машина менен элдерди ташыган жагдай түзүлүп, “Ата Мекен” партиясы тарабынан прокуратураларга кайрылуу жолдонду.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG