Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

ООГАНСТАН: КАРЗАЙ КАЙРА ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛЕТ


Ооганстанда эмдиги жылы маанилүү окуя – президенттик шайлоо болот. 2001-жылдын этегинде “Талибан” режими талкалангандан бери өлкөдө жалпы улуттук масштабда эки жолу шайлоо өткөрүлдү: эр жеткен калк 2004-жылы – президент, мындан эки жыл мурда парламент үчүн добуш берди. Келерки жылдагы шайлоодо президент Хамид Карзай дагы бир мөөнөткө элден мандат алганга дама кылууда.

Келерки жылы күздө президент менен бирге көпчүлүк аймактардын бийлик органдары да шайланат. Ушуга байланыштуу көз карандысыз шайлоо комиссиясы өлкөдө добуш берүүгө укуктуу калктын санын тактоого киришти. Комиссиянын өкүлү Зекрия Баракзай бул иш төрт этапта өткөрүлөрүн кабарлады. Адегенде өнөктүк өлкөнүн орто жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндөгү он төрт аймакта башталды. Андан соң түндүктө, ал эми үчүнчү этапта барып чыгыш жана батыш аймактарында, акырында түштүк провинцияларында шайлоочулар каттоого алынат.

Бул иш үчүн өзгөчө кыйын аймак делинип чыгыштагы алты, түштүктөгү төрт провинция аталууда. Соңку жылдары бул жерлерде талиптер активдешип, коопсуздукту камсыз кылганга өкмөттүк күчтөр тургай коалициянын да чамасы жетпей жатат. Ал турсун эмдиги жылга белгиленген шайлоо үзгүлтүккө учурап калышы да мүмкүн. “Ооганстанда ушу тапта козголоңдун маанайы өтө күчтүү, анткени калктын баарынан ишеничи кайтты, эл аралык коомчулуктун үмүтү өчүп баратат, коррупцияга каршы күрөштө, дегеле өнүгүү жагынан эч кандай жылыш жок” ,- деп ырастады Associated Pressтин кабарчысы Кэти Гэннон.

Жекшемби күнү “Санди таймста” жарыяланган маегинде Гилменд провинциясындагы британдык аскер бөлүктөрүнө командачылык кылган бригадалык генерал Марк Карлтон-Смит ооган жеринде талиптерди жеңип чыкканга мүмкүн эместигин моюнга алып, козголоңчулар менен Кабул өкмөтү мунасага келсе гана куралдуу каршылыктын басылышына үмүт кылса болорун белгиледи. Андан мурдараак британ элчиси ооган проблемасын чечүү үчүн диктатура орнотуу керек дегендей кыязда пикир айткан эле.

Президент Хамид Карзай мындай көз караштар менен караманча макул эмес. Ал келерки жылдагы шайлоону утуп аларына бекем ишенет көрүнөт. Бери эле дегенде өткөн айда Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш менен жолуккан соң ал журналисттерди акыркы үч жылда “ойго келбегендей ийгиликтер болгонуна” ишендиргенге аракет кылды. Бул аралыкта “Ооганстан 50 же 60 жылда жасай албас прогресске жетишти”, -деп белгиледи Карзай.

Талибандын өкүлү Юсуф Ахмади оогандыктарга “шайлоо тизмесине катталып же эмдиги жылы добуш берип”, убактысын бөөдө короткондун кажети жок деп билдирди. Ахмади шайлоонун жыйынтыгы баары бир бурмалана тургандыгын эскертти.

Өткөн эки шайлоодо отуз миллионго чукул калктын он эки миллионго жакыны катталып, добуш берди деп айтылган. Алардын так санын алуу максатында башталган бул өнөктүк алдыдагы жылы январдын этегинде аяктоого тийиш. Өкмөттүк чиновниктерге бул иште Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен НАТОлук контингент көмөктөшмөкчү. Бирок ушу тапта Ооганстандын жалпы территориясынын 40-50 процентке чейинки бөлүгү эл аралык уюмдар үчүн жабык аймак бойдон турат.

XS
SM
MD
LG