Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

АЛА-ТООДОН АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИ ЧЫГАРУУГА УБАКЫТ ЖЕТТИБИ?


Бүгүн “Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу” кыймылы 9-10-октябрда Бишкекте өтө турган саммиттин катышуучуларына кайрылуу кабыл алып, алардан АКШнын аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талабын өлкө бийлигине коюуну өтүнүштү. Ошондой эле бүгүн “Жоомарт” патриоттук кыймылы менен “Акыл-эс. Рух. Ыйман” коомдук бирикмеси да антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аскерий аба базасы Кыргызстандан тез арада чыгып кетүүсү зарылдыгын белгилешти. Айрым саясат талдоочулар АКШ баштаган коалициялык күчтөрдү Кыргызстандан чыгарууга башка мамлекет башчылары таасир этүүгө укугу жоктугун айтышууда.

“Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу” кыймылынын мүчөсү, Айкөл Манас жана Сергий Радонежский атындагы коомдук фонддун жетекчиси Игорь Трофимовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча саммиттин катышуучулары АКШнын аскерий базасын Кыргызстандан чыгарууга таасирин тийгизүүгө тийиш. Алар Американын аскерий аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгарнууу кыргыз бийлигинен талап кылышы зарыл.

Мындан тышкары “Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу“ кыймылы КМШ жетекчилеринин саммити учурунда 10-октябрь күнү “Манас” аскерий аба базасынын алдына барып, алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган иш-чарасын өткөрүшмөкчү.

Анда ошондой эле эки жарым жыл мурун кыргызстандык жумушчу Александр Ивановду атып өлтүргөн “Манас” аскерий аба майданынын аскери Закари Хэтфилдди жазага тартуу талабы да коюлмакчы. Аталган кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Александр Типеров бул иш боюнча тергөө жүргүзүлгөнү менен окуя болгондон кийин аз убакытта АКШга кетирилген айыпкердин кандай жаза алганы белгисиз бойдон калгандыгына тынчсыздануусун билдирди:

-Биз талап кылабыз – кыргызстандык айдоочуну өлтүргөн америкалык жоокер Закари Хэтфилд кылмышына жараша жазасын алышы керек. Февраль айында эле АКШнын мурдагы элчиси Мари Йованович тергөө бүтүп аткандыгын, анын жыйынтыгы менен бизди тааныштырарын айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп жок. Биз ачык асманды, тынч аэропортту жана жергебизде тынчтыкты каалайбыз.

Александр Типеров мындай кайгылуу окуялар кайталанбасын, чет өлкөлүк аскерлер тарабынан кыргызстандыктардын укуктары бузулбасы үчүн антитеррордук күчтөр өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиштигин белгиледи.

Бүгүн ошондой эле АКШ баштаган коалициялык күчтөрдү Кыргызстандан чыгаруу талабы менен дагы эки бейөкмөт уюм чыгышты. “Жоомарт” патриоттук кыймылы менен “Акыл-эс. Рух. Ыйман” коомдук бирикмеси АКШнын аскерий аба базасынын өлкөдө жайгашуусу Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө да терс таасирин тийгизет деп белгилешет. “Акыл-эс. Рух. Ыйман” коомдук бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Абдылдаев америкалык базанын Кыргызстанда туруусу аймактагы саясий абалдын курчушуна алып келүү коркунучу бар деп эсептейт:

-Биздин экологияга зыян келтирип жатат. Мындан тышкары Борбор Азия аймагында саясий абалдын курчушуна алып келүүсү мүмкүн. Кыргызстан –Швейцария жана башка майда мамлекеттер сыяктуу эле эч кандай аскердик блокторго кошулбаган мамлекет болушубуз керек.

Айрым саясат талдоочулардын айтуусунда АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аскерий базасын чыгарууну КМШ мамлекет башчылары кыргыз бийлигинен талап кылууга укугу жок. Бул маселе АКШ менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим аркылуу ишке ашкан, аны жокко чыгаруу же узартуу булардын колундагы гана иш, дешет алар.

Саясат талдоочу Марат Казакбаев антитеррордук күчтөрдүн аскерий базасын өлкөгө жайгаштырууга уруксат берүү менен Кыргызстан туура иш жасаган, деп эсептейт:

-АКШ менен Кыргызстан гана чечет бул маселени. Антитеррордук күчтөрдүн өлкөдө турушу –Кыргызстанга пайда берсе, анда база иштей берет да. Эгер саммитте башка мамлекеттер АКШнын аскерий базасын чыгар деп талап койчу болсо, кыргыз делегациясы “бул базанын бизге пайдасы да, кереги да бар,” деп түз эле айтууга тийиш. Алар минтип айтуусу геосаясий укук жагынан туура эмес. “Манас” аскерий аба базасы Орусияга деле, Кытайга деле терс таасирин тийгизген жери жок. Алар Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу жана ооган элине гуманитардык жардам берүү иштери менен эле алектенип келе жатышпайбы. АКШ базасынын ШКУ, ЖККУ же КМШ уюмдарына деле эч кандай бөгөттүгү жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG