Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

18:06 Зилзаладан кыйраган Алай районундагы Нура айылына шаардык телефон орнотулду


Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин өнөр жай жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Сайпидин Момунов «Азаттыкка» маалымдагандай, Нура кыштагына 5-51-01 номерлүү шаардык телефон орнотулду. Ал аркылуу эки тарап эми айылдан жана Ош шаарынан ортомчусуз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Алгачкы ирет байланышкан адамыбыз Алай райондук милиция башчысы Равшан Сыргаев Нурада кырсыктын кесепеттерин чететүү жумуштары улантылып жаткандыгын, үч күндөн бери ири өлчөмдөгү гуманитардык жардам түшкөндүктөн, аны атайын комиссия жабырлануучуларга бөлүштүрүүгө киришкендигин кабарлады. Ошол эле учурда кырсыктан жабыркагандардын айрымдарынын айтымында, тамак-аш жетиштүү болгону менен, мештер жылыбагандыктан, чатырларга жайгаштырылган кемпир-чалдар, жаш балдар жана аялдар суукта кыйналышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG