Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:17

15:25 А.Жекшенкулов: КМШ реформага муктаж


Мындай пикирин мурдагы Тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Шериктеш өлкөлөрдүн жыйынында канча жылдан бери каралып келе жаткан маселелер дагы деле каралып, бирок өз жемишин бербей жатат. “Ошондуктан, бул уюмдун келечегин ачык-айкын айтуу кыйын. КМШ Кыргызстан үчүн керек. Бирок, аны реформалаш зарыл. КМШ уюуму ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын камтыган уюм болбосо, анда анын келечеги болбойт”, - деп билдирди А.Жекшенкулов. Экс-министр Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин төрагасы катары саясий, экономикалык упайларды алууга мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок деген пикирде. “Энергетика, суу, азык-түлүк, буудай, ун, көмүрдүн баасынын жогорулашы туурасында демилге көтөрүп, жалпы КМШ мамлекеттер арасында чечкенге аракет кылган жок”, - дейт ал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG