Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

КАРЗАЙ “ТАЛИБАН“ МЕНЕН МУНАСА ТАПКЫСЫ КЕЛЕТ


Акыркы кездерде Ооганстанда саясий элдешүү процесси зарыл экенин жергиликтүү өкмөт өкүлдөрүнөн тартып НАТОнун,АКШнын аскери жетекчилигине чейин моюндай башташты. Бирок президент Карзай “Талибан” кыймылына кандай мунаса сунуш кыла алат,аларды козголоңчулар кабыл алабы – маселе ушунда.

Өткөн айда Гилменддеги британ күчтөрүнүн командачысы генерал Марк Карлтон-Смит талиптерди жеңип чыгуу дегеле мүмкүн эместигин айтып,андан мурдараак Лондондун Кабулдагы элчиси Шерард Каупер-Коулс мыкты саясий чечим катары Ооганстанда диктатордук режим орнотууну сунуш кылган эле. Аларды “тапалаңчылар” таризде сынга алган менен Пентагондун башчысы Роберт Гейс деле түпкүлүгүндө урушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгын четке кага алган жок. Элдешүү акыркы барып саясий процесстин башкы максаты экенин, коалициянын Ооганстандан кетүү стратегиясы ушунда экенин ал Будапештте өткөн жыйында моюнга алды. Бирок ал элдешүү процессине “Ал-Каида” менен байланышы бар адамдардын тартылышын караманча жол берилгис иш деп атады.

Өткөн айдын этегинде Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү менен “Талибандын” кишилери Меккеде жолугушканы тууралуу кабарлар пайда болгон эле. Муну кийин башка бирөө эмес, президент Карзайдын бир тууган агасы Каюм ырастап, болгону аны өңчөй диний жана коомдук мүнөздөгү жолугушуу деп атады. Ошол эле учурда ал мусулмандар Сауд Аравиясын исламдын борбору деп эсептешерин,эгер сүйлөшүүлөр башталчу болсо бул өлкөдөн өткөн бейтарап мыкты арачы табылбай турганын да эскертип өттү.

Кабул өкмөтүнүн маалымат катчысы Асиф Нанг кошумчалагандай, президент Карзайдын агасы сауд арапстандык падышанын оолатына кирген үй-бүлөнүн бирине талиптердин өкүлдөрү менен бирге сыяпатка чакырылган, бирок ортодо элдешүү тууралуу эч кандай сөз болгон эмес.

Деген менен бул фактыны көпчүлүк байкоочулар Кабул өкмөтүнүн талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниетин көрсөткөн ишараага жорушту. Анын үстүнө азыркы кырдаал да көп жагынан ушуга түрткүлөй баштады. Баарыдан мурда калк тыйылбаган уруштан тажады, бул үчүн Карзайдын өкмөтүн да,талиптерди да бирдей жээриген маанай күч алды. Мындай абал эмдиги жылдагы президенттик шайлоо алдында Карзайды элдин ыкыласын өзүнө бурдурган кандайдыр бир кадамдарды жасоого аргасыз кылат. Талиптер да коомчулуктун көзүнүн төбөсү менен караган мамилесин байкай баштады. Алардын адыйы Омар молдо өз лашкерлерин жайкын калкка каршы куралдуу аракеттерди, алардын ичинде жанкечтилик иштерди токтотууга чакырды.

Бирок тараптардын мунаса табары баары бир кыйын.Бул үчүн талиптер өкмөттүн азыркы конституциясын,анда аныкталган демократиялык системанын негизги принциптерин таанышы, аларга ыкрар кылышы керек болот. Мындайга талиптер эзели макул болбойт.

“Талибандын” өкүлү Забихулла Мужахид буга кошо козголоңчулардын эң башкы шартын атады. “Кабул өкмөтү АКШ менен кызматташып,талиптерди кырып, алардын лидерлерин кармап берүүнү көздөп жаткан учурда биз эч кандай мунасага барбайбыз,-деп айтты ал телефон аркылуу. - Дегеле өлкөдө чет элдик аскерлер турганда, ооган жерин алар контролдоп турганда тынчтык тууралуу натыйжалуу сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес”.

XS
SM
MD
LG