Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Ш.МЕДЕТБЕКОВ: “ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАН” ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН СООДАЛАШЫП ЖАТКАНДАЙ ТААСИР КАЛТЫРУУДА


Маектешкен Аманбек Жапаров Бийликтеги “Ак жол” партиясы менен буга чейин ийиндеш жүргөн “Жаңы Кыргызстан” партиясы өткөн жумада бийликтин азыркы аракеттерин катуу сынга алган билдирүү менен чыгып, “Ак жол” кураган өкмөт үмүттү актабай калганын жана “Жаңы Кыргызстан” жаңы өкмөттү түзүүгө даяр экенин айтып чыккан эле. Коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков “Азаттыктын” таңкы түз обосунда партиянын бул билдирүүсүнүн тегерегиндеги суроолорго жооп берди.

- Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаковдун жана БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын билдирүүсү бийликтин ичинен ыдырап баратканынан кабар берери айтылды. Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө бийликте кадрдык кризис барбы?

-
Бийликте кадрдык кризис бар деп айтуу али эрте болуш керек. Себеби жаңы эле башталып атпайбы. Кабилованын, Исмаил Исаковдун, ошондой эле Үсөн Сыдыков башкарган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүлөрү бул биринчиси болсо, Исмаил Исаковдун жумуштан кетиши экинчи кадам болду. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын бул кадамы менимче президент Бакиев менен соодалашуу гана максатында жүрүп жатат. Себеби алар билдирүү берүү менен бирге өкмөттү “Жаңы Кыргызстан” партиясы башкарып берет деп атпайбы. Андан бөлөк 2005-жылдын март айынан бери ушул аталган инсандар мамлекеттин жогорку тепкичиндеги кызматта жүрүштү. Ал эми кайрылуусунда айтып атышат, эгерде бизде энергетикалык кризистен чыкпасак, тамак-аштын баасы төмөндөбөсө, ошол эле коррупция азайбаса ноябрь айында чоң акция уюштурабыз деп. Мына ушул эле кишилер үч жылдын ичинде бийликте жургөндө ошол жактан эмне үчүн көтөрүшкөн жок бул маселени.

- “Жаны Кыргызстан” партиясы “Акыйкат үчүн” кыймылы менен кошулушу мүмкүнбү?

-
Бул жерде эгер кызыкчылыктары дал келсе кошулууга даяр болуш керек. Себеби булардын максаты бир гана - президент Бакиевди кетиришибиз керек деген максат коюп атат. Бирок экинчи жагынан биз оппозицияга кошулбайбыз, биз оппозициялык партия эмеспиз деп да билдирип атышат бул кишилер. Ошон үчүн менимче, булардын максаты жөн гана соодалашып, бир чоңураак кызмат алыш керек, же болбосо бөлөк болуп аткан маселелери боюнча жумуштарын аткартып алыш керек. Булар эми баары аттын кашкасындай таанымал кишилер. Үсөн Сыдыковду Союздун убагынан бери калайык калк билет кандай киши экенин. Андан кийин Акаевдин мезгилинен, Бакиевдин убагында дагы бул кишинин орду кандай экенин, кайсы жерде жүргөнүн эл билет.

- “Жаны Кыргызстан” партиясы өз билдирүүсүндө өкмөттүн курамын биз түзөлү деген сунуштарды айтпайдыбы. Бул канчалык реалдуу?

-
Эгерде “Жаңы Кыргызстанга” өкмөттү башкаруу берилип калса, анда бул мамлекеттин жогору жагынан мурун эле пландаштырылган акция болуп эсептелет. Бирок мен андай болушу мүмкүн эмес деп ойлойм. Себеби булар биз ушундай кадамга барабыз деп бир жагынан коркутуп атат, бир жагынан эгерде биздин сооданы кабыл алсаңар силердин саясатты колдойбуз деген түрдө билдирүү берип атышат.

- Рахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG