Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

ИРАКТА САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР АТАДАН БАЛАГА ӨТӨТ


АКШда келерки президент ким болсо да Иракта 2012-жылы америкалык аскерлер калбайт. Буга Жогорку ислам ирак кеңешинин – шийиттердин саясий партиясынын - аткаруучу төрагасы Аммар ал-Хаким бекем ишенет. Аны Иракта шийиттердин саясий айдыңга чыга баштаган абройлуу жаңы лидери эсептешет.

Вашингтон жана Багдад өкмөтү жакында өз ара макулдашып, америкалык аскер контингентинин негизги бөлүктөрүн Ирактан чыгаруу мөлчөрү деп 2011-жылды белгилешкен эле. Бирок АКШда президенттикке талапкерлер бу маселеде эки башка мөөнөттү айтып жатышат. Барак Обама бул ишти он алты айдын ичинде жасайм деп ишендирсе, Жон Маккейн Иракта аскерлерди бери эле дегенде 2013-жылга чейин калтырууну зарыл көрөт.

Ушул маселеге байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Ирактагы шийиттердин көрүнүктүү лидери, Жогорку ислам ирак кеңешинин учурдагы башчысы Аммар ал-Хаким тараптар 2011-жылдын этегине чейин америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу планын макулдашканын айтып,АКШда шайлоодо ким утса да ага белгиленген ушул мөөнөттө бул ишти аткарганга туура келерин эске салды.

Тамашасы - Аммар ал-Хаким өзү да белгилүү өлчөмдө “талапкер” ишмер. Ал кырктын кырына келе элек. Көп жылдан бери шийиттердин ири саясий бирикмеси - Жогорку ислам ирак кеңешин жетектеп келген атасы Абдул Азиз ал-Хаким катуу ноокастап жыгылганда Аммар анын милдетин убактынча өзүнө алды.Келечекте ал атасынын ордун алары анык дешет. Прагада өткөн “Форум-2000” жыйынына да ал саясий айдыңга жаңы чыккан лидер катары катышты.

Аммар ал-Хаким Иракта шийиттер бийлик бутактарында өздөрүнө тийиштүү энчиге толук ээ болушу керек деген позицияда турат. Саддам Хусейндин тушунда өлкөнү узак жылдар бою башкарып келген сүннүлөр муну түшүнүүгө тийиш. Бул көз карашын ал жакында сүннүлөрдүн Самарра жана Тикрит шаарларында болгон кезде да кайталады.

“Биз “Баары менен достошуу” принцибин жактайбыз. Күрттөр, сүннүлөр жана башка тайпалар менен жакшы ымалабыз бар, тайпа башчылар арасында да ушундай мамиле түзүлгөн. Айтор, бизге ишенгендер эл арасында көп”, - дейт ал.

Аммар ал-Хаким ошол эле учурда шийиттердин радикал жамаатына адыйлык кылган имам Муктада ас-Садрдын оппоненти эсептелет. Мындан тышкары анын ирандык шийиттер менен да тыгыз байланышы бар. Бийлик үчүн күрөшкөн шийиттердин ич ара кагылыштарында иран милициясынын күчтөрү катышкан учурлар аз болгон жок. Муну Аммар ал-Хаким өзү да ырастап, бирок ирандыктар ирак шийиттеринин кайсы тобун колдоп урушканын айткан жок.

“Өткөн беш жыл ичинде Иракка сырттан кийлигишкен өлкөлөр көп эле болду,- деп айтты ал. – Биз буга дайыма каршы болуп келгенбиз. Ирак коңшулардын, коңшулар Ирактын ишине кийлигишпеши керек. Биз муну жабык өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн баарында айтып жатабыз”.

Аммар ал-Хакимди айрым бирөөлөр бийликке умтулган жеке мүдөөчүл, партиясында коррупцияны жайылткан пайдакеч ишмер деп сыпатташат. Өз фракциясынын саясий философиясы жана социалдык программасы тууралуу соболго жооп берип, ал-Хаким калктын жакшы турмушу үчүн шарт түзүү, өлкөнү стабилдештирүү, тайпалар менен аймактар арасындагы алака-катнаштарды жакшыртуу сыяктуу прагматикалык максаттарды атады.

XS
SM
MD
LG