Ал жерде Тимошенконун Еврокомиссия президенти Жозе Мануэл Барросо, Еврошаркетте тышкы саясатты тейлеген жогорку өкүл Хавьер Солана менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Тимошенконун айтымында, сүйлөшүүлөрдө өлкөдөгү каржылык кризис жана анын таасирин кантип азайтуу жөнүндө сөз болмокчу. Мындан сырткары Украинадагы саясий кырдаал да талкууланат. Президент Ющенко жакында парламентти таратып, мөөнөтсүз шайлоо белгилеген эле. Премьер-министр Тимошенко болсо мындай чечимди сынга алган.