Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Кечээ Орусия жана Грузиянын өкүлдөрү Женевада эл аралык ортомчулар менен жолукту


БУУнун маалымат катчысы Елена Пономареванын билдиргенине караганда, жабык эшик артында өткөн талкуу жарым күндөн кийин эле аяктады. БУУнун баш катчысы Пан Ги-мундун айтымында Женевада өткөн жабык эшик артындагы сүйлөөшүлөр эки тараптын ортосундагы ишенимди калыбына келтирүү максатын көздөгөн. Грузиядан ажырап кеткен Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба Грузия менен Орусиянын расмий өкүлдөрү бүгүн бетме-бет жолуга албагандыгын маалымдады. Август айында Грузиядагы кагылышуудан кийин Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны күнкорсуз мамлекеттер деп таанып, эл аралык коомчулукту да ошого үндөп келет. Ал эми Грузия буга караманча каршы.

XS
SM
MD
LG