Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

20-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1860-жылдын бул күнү Садык, Тайчык, жана Ахмет баштаган кыргыздар менен казак жоокерлери Ыргыйты кайыңдыдан Узун агачты көздөй аттанышкан. 1991-жылдын 20-октябрында коопсуздук комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети түзүлгөн.

Россия империясы менен Кокон хандыгынын Жети-Суу аймагындагы тирешүүсү 1860-жылдын октябрь айында чечүүчү чекке жеткен. Канат-Шаа парваначы кокондук аскерлерди баштап Узун-Агач багытында жортуулга чыккан. Канат-Шаанын жүрүшү туурасында кабар алган генерал Колпаковский Кастектеги чегара чебине бекинип, 1860-жылдын бул күнү Садык, Тайчык, жана Ахмет баштаган кыргыздар менен казак жоокерлерин Ыргыйты кайыңдыдан Узун-Агачты көздөй аттандырган. Кыргыз жоокерлерине Узун-Агачты алып, аны колдон келишинче кармап, жоо аскерин Кастекке коё бербөө милдети жүктөлгөн.

Шабдан баатыр менен Токмок уездинин манабы Сооромбай Кудаяровдор 1884-жылдын сентябрь айында Талаа генерал-губернаторуна кат менен кайрылышкан. Кайрылуунун себеби, Токмок уездине караштуу Тогуз-Торо волостунун молдосу Мамырбай Кубатбековдун жаза мөөнөтү соңуна чыгып калгандыгына байланыштуу жазылып, кыргыздын ардактуу адамдары аны түрмөдөн бошотулушун өтүнүшкөн. Кат ээлери Мамырбай Кубатбековду кыргыз коомчулугуна аралаштыруу жана анын үлгүлүү жүрүш-турушун камсыз кылуу маселеси боюнча генерал-губернаторго кепил болоорун билдиришкен. Шабдан баатыр менен Сооромбай Кудаяровдордун каты 1884-жылдын 20-октябрында кыргызчадан орус тилине которулуп, каттоого алынган.

Кыргызстан эгемендик алып, жетеленме саясаттан кутулгандан кийин буга чейин коомчулуктун көкөйүнө көк таштай тийген көзөмөлдөө органдарынан арылуу зарылчылыгы жаралган. Буга чейин коомчулук арасында коопсуздук комитетине карата айтылган сын көз караш, аталган органдын максат-милдетин жаңы шартка жараша өзгөртүү керектигин күн тартибине койгон. Президент Аскар Акаевдин 1991-жылдын 20-октябрь күнкү жардыгы менен коопсуздук комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети түзүлгөн. Жардыкта белгиленгендей, жаңы күч органы инсандарды көзөмөлгө алып, алардын көз карашын идеологияга түздөгөн багыттан арылып, ага улуттук коопсуздукту коргой турган милдеттер жүктөлө тургандыгы белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеш катчысы Болот Жанузаков 1999-жылдын бул күнү маалымат каражат кызматкерлери үчүн атайын билдирүү жасады. Коопсуздук кеңеш катчысынын билдирүүсүнө ылайык, өкмөттүк аскер тобу Кыргызстанга кол салган динчил-экстремисттер менен эл аралык террористтерге катуу сокку уруп, аларды өлкө тышына сүрүп чыгарышкан.

Жогорку Кеңеш депутаты Тынычбек Акматбаев түрмө жана абактагылардын абалын парламенттик инспекциялоо маалында, 2005-жылдын 20-октябрындагы колония козголоңунда киши колдуу өлтүрүлгөн.

Бул күнү, 1905-жылы жалпы россиялык стачка башталып, 1930-жылы Хакас Автономиялык областы уюшулуп, 1616-жылы даниялык анатом, адам лимфатикалык түзүлүштү ачкан Томас Бартолин, 1632-жылы англис архитектору, Королдук коомдун негиздөөчүсү жана президенти Кристофер Ренн, 1891-жылы англис физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Чедвик жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG