Аларга террордук уюмга мүчөлүк кылуу, өкмөткө каршы куралдуу көтөрүлүшкө тукуруу деген күнөө тагылып жатат. Сот жообуна тартылгандардын арасында отставкадагы армия офицерлери жана секулярдык багытты жактаган адамдар бар. Алар “Эргенекон” деген жашыруун улутчул куралдуу топтун мүчөлөрү делинүүдө. Түркиянын бийликтеги «Адилет жана өнүгүү» партиясы исламчыл багытты карманат. Силиври абагында өтүп жаткан процесс бир канча айларга созулат деп күтүлүүдө. Бүгүнкү угуулар болсо башталгандан көп өтпөй убактылуу токтотулду. Сот эл көп болгондуктан, процессти ал имаратта жүргүзүү мүмкүн эместигин айтууда.
Түркияда өкмөткө каршы кутум уюштурууну көздөгөн деген айып менен 86 кишинин үстүнөн сот иши башталды