Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Т.Сариев: Москвада жолуга турган адамдар менен жолугуштук


Алардын ичинде Россиянын расмий адамдары да бар. Москвага жасалган сапар натыйжалуу болду. Анын жыйынтыгы тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк берилет, деп билдирди “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бүгүн “Азаттыкка”. Партия лидери Акипресс маалымат агенттигине чыккан маалыматты чындыктан такыр алыс деп атады. Акипресске жазылган маалыматка караганда, оппозиция лидерлери Москвада БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилова менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп, 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунушташкан. Андай билдирүү үчүн оппозиция лидерлери Клара Кабиловага чоң үй, акча жана жеке коопсуздугун камсыз кылууга убада берген. Бирок Кабилова алардын сунушун четке каккан. Оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Аликбек Жекшенкулов Россиянын стратегиялык институнун жетекчилеринин бири менен жолугушкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG