Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

18:10 Нарын: Кенжакунов атындагы орто мектепте окуучуларга бир апта бою ысык тамак берилген эмес


Мындай маалыматты Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Сапарбек Жапаров билдирди. Көрсө, Нарын районундагы Кайыңды айылындагы орто мектептин башталгыч классында окуган 1-4-класстын 50 окуучусу 28-сентябрдан 6-октябрга чейин тиешелүү тамак ичишкен эмес. Нарын районунун акими Ишенбек Медетов бул жагдай боюнча мектеп директорунун кызмат абалын кароо райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырылганын айтат. Ал эми облустагы бир катар айыл өкмөттөрдөгү орто мектептерде шайкештик сертификаттары жок, байытылбаган ундан, йоддолбогон туздан жасалган нан азыктары дале ашпозчулардын үйлөрүнөн жасалып, окуучуларга берилүүдө. Ак-Талаа районундагы 2, Кочкор районундагы 3 орто мектептин тамак берилүүчү жайлары санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Жаңы окуу жылынан бери Нарын облусу боюнча 1-4-класстын 22120 окуучусу бир маал тамак ичишүүдө. (KUs)

XS
SM
MD
LG