Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Нарындагы чек ара аскер бөлүгү көмүр менен 22 гана пайыз камсыз болду


Мындай маалымат Нарын облустук акимчилигинен бүгүн алдынды. 28-октябрга карата Нарын облусу боюнча жалпы керектелүүчү 44 миң 639 тонна көмүрдүн 76 пайызы тартылган. Билим берүү тармагы 95 пайызга камсыздалса, саламаттыкты сактоо 83 пайызга аткарылган. Бирок Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнө керектелүүчү 4 миң 375 тонна көмүрдүн 947 тоннасы гана тартылган. Жагдай боюнча чек ара аскер бөлүктүн жетекчилигинен маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Айтмакчы, Тайлак баатыр атындагы Нарын чек ара аскер бөлүгүнүн 7 заставасы, 4 посту Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө орун алган. (KUs)

XS
SM
MD
LG