Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Нарын шаарында жылуулук бериле башталды


Мындай маалыматты Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Кулматов билдирди. «Соңку күндөрдө Нарында түнкүсүн суук боло баштагандыктан атайын буйрук чыгарып, бүгүнтөн тарта от казандарды иштеттик», - дейт Алмаз Кулматов. Нарын район аралык «Жылуулук комэнерго» өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Улан Айтиев Нарын шаарында жалпысы 9 откана ишке киргендигин бышыктады. Бул мекеменин экономисти Жылдыз Токтогонова болсо быйылкы кышкы өнөктүккө Нарын «жылуулук комэнерго» бирикмеси жалпысы 20 миллион 300 миң сомдон ашуун дебитордук карыз менен киргендиктерин, алардын 19 миллион сому элдин, 1 миллион 300 миң сому бюджеттин карыздары экендигин кошумчалады. Ал эми Нарын гидрометеорологиялык борбордун кызматкери Мария Карбосова 22-октябрдан бери Нарын шаарында 5 градуска чейин суук болуп жаткандыгын билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG