Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизилди


Адилет министри Жаныш Турсункулов парламентте маалымат берип, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамына толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келтирүүгө багытталганын билдирди. Анын айтымында, 22-беренеде кош жарандыгы бар Кыргызстандын жарандары Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, сот, укук коргоо органдарынын, Коргоо министрлигинин кызматкерлери боло алышпастыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарда жетектөөчү кызмат орундарын ээлей албастыгы алдын ала каралган. Турсункулов мыйзам долбоорунда чет өлкөнүн жарандыгы бар жактары үчүн мамлекеттик органдарга жетектөөчү кызматтарды ээлөөгө чектөөлөрдү аныктоо караштырылганын белгиледи. СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов бүгүнкү күндөгү мамлекеттик чиновниктердин кимисинде кош жарандыгы бар экендигин текшерип чыгууну Коопсуздук кызматына тапшыруу тууралу токтом кабыл алууну сунуштады. “Азыр көптөрү жооптуу кызматтарда иштеп жатышып, кача турган жагын даярдап атышат”,-дейт Өмүркулов. Кызуу талкуудан кийин “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамына толуктоолор киргизилип кабыл алынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG