Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Демократиянын көрсөткүчү-2008. Кыргызстан ара өлкөлөр тобунда


1990-жылдары мурдакы СССРдин кыйрашы менен дүйнөдө кулач жайган демократиялашуу жараяны токтоду. Абройлуу Economist Intelligence Unit борбору жаңы жарыялаган «2008-жылдын Демократия индекси» деп аталган изилдөөдө глобалдык финансылык кризис дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө демократияга коркунуч жаратышы ыктымал экени да эскертилет.

Изилдөөдө Кыргызстан, Армения, Россия гибрид-режимдүү өлкө деп аталса, Тажикстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандагы бийлик авторитардык деп мүнөздөлөт.

Economist Intelligence Unit-1946-жылы Лондондо негизделген абройлуу илимий борбор. Борбор демократиянын абалын 2008-жылдан сентябрына карата 167 өлкөдө изилдеген. Демократия индекси шайлоо жараяны жана плюрализм, жарандардын эркиндиги, өкмөттүн ишмердүүлүгү, жарандардын саясатка катышуусу жана саясый маданият сыяктуу беш көрсөткүчкө таянып аныкталган.

Эркин жана калыс шайлоо, жарандардын эркиндиги-демократиянын башкы шарты. Бирок, коомдо айкындык болбой, өкмөт алашем иштеп, жарандардын саясый укуктары бузулган шартта өлкөдө демокртиянын талабы аткарылбайт.

Economist Intelligence Unit жүргүзгөн изилдөөгө караганда, учурда дүйнө элинин теңи же 80 өлкөнүн калкы демократияда жашайт. Бирок алардын ичинен 30 өлкөдө гана толук демократия бар. Бул топко негизинен Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө өнүккөн өлкөлөр, ошондой эле экс-коммунисттик Словения менен Чехия кирет. «Өксүк демократиялуу» 50 өлкөнүн катарында Индия, Монголия, Украина, Румыния, Болгария бар.

Дүйнөдө 1974-жылы башталган демократиянын «үчүнчү толкуну» учурда токтогон. Бул, бир жагынан Жакынкы Чыгышта демократиялык өзгөрүүлөрдүн өтө жай жүрүшүнө, экинчи жактан КМШ өлкөлөрүндөгү «түстүү ыңкылаптар» учурунда берилген убаданын аткарылбай калганына байланыштуу, деп белгиленет «Демократия индекси» жөнүндөгү докладда.

1990-жылы мурдакы Советтер Союзунун ыдыроосу демократияны алгалатканы менен азыр дүйнөнүн 51 өлкөсү авторитардык режимде жашайт. Авторитардык башкаруудагы 51 өлкөнүн ичинде Казакстан, Азербайжан, Кытай, Тажикстан да бар. «Эң демократиялуу эмес» 14 өлкөнүн тобун Түндүк Корея, Чад, Түркмөнстан жана Өзбекстан баштайт.

КМШ өлкөлөрүнөн демократиялуулугу боюнча Грузия-104, Россия-107, Армения-113, Кыргызстан-114 орунда турат. Ара топтогу бул төртөө авторитардык да «өксүк демократиялуу» да өлкөлөргө кирбейт. Анткен менен, Кыргызстанда, ошондой эле Пакистанда, Иракта жана башка 12 өлкөдө социалдык башаламандык чыгып кетүү коркунучу күчтүү деп белгиленет Economist Intelligence Unit борборунун изилдөөсүндө.

XS
SM
MD
LG