Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Фергана шаарында чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр бүттү


Кыргыз-өзбек комиссиялары 2002-жылы кабыл алган токтомундагы Жалал-Абат облусу менен Өзбекстандын ортосундагы 13 жердин маселесин талкуулады. Ал жерлердин аянттары карталарга салыштырылды. Аталган жерлердин жалпы аянты 226 гектар болуп чыкты. Бирок жыйынтыктуу бир чечим кабыл алынган жок. Ага жер аттарынын картадагы аттары менен иш жүзүндөгү чыныгы аттарынын дал келбегени, күмөн туудурганы себеп болду. Маселе мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча өлкөлөр аралык комиссиялардын Ош же Наманган шаарларында болоору күтүлгөн эмки сүйлөшүүсүндө улантылышы мүмкүн. Бул тууралуу сүйлөшүүгө катышкан өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Жаныш Курбанов бүгүн билирди. (YA)

XS
SM
MD
LG