Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

АКШдагы шайлоо: кыргызстандыктар эмне дейт?


АКШнын президенттигине талапкерлер - демократ Барак Обама жана республикачыл Жон Маккейн
АКШнын президенттигине талапкерлер - демократ Барак Обама жана республикачыл Жон Маккейн

Американы кийинки төрт жылда ким башкарат - эртеңки шайлоодо аныкталат. Дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда турган бул саясий өнөктөштүк кыргыз коомчулугун да кайдыгер калтырган жок.

АКШда президенттик шайлоого бир аз гана убакыт калгандыктан президенттикке талапкерлер шайлоочулардын көбүрөөк добушуна ээ болуу үчүн болгон аракеттерин көрүшүүдө. Массалык маалымат каражаттарында кабарлангандай, демократ сенатор Барак Обама жана анын атаандашы республикачыл сенатор Жон МакКейн шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырып, үгүт маалынын акырына чейин штаттарды кыдырып жүрүшүүдө.

АКШда коомчулуктун эки талапкер тууралуу пикирлерин сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөтүп тургандай, демократ Барак Обама республикачыл атаандашы Жон МакКейнден бир нече пункт боюнча алдыда баратат. Ошентсе да добуш берүү күнү бул көрсөткүч Жон МакКейндин пайдасына өзгөрүшү мүмкүн деген жоромолдор айтылууда. Маселен саясат таануучу Токтогул Какчекеев сенатор Барак Обама алдыда баратат деп айтылганы менен марага республикачыл Жон МакКейн чыгат деген пикирде. Ал муну АКШдагы рассалык саркынды саясаты менен байланыштырууда:

-Расалык сезимдин негизинде МакКейн алдыга чыгып баратканы байкалууда. Менин оюмча Обаманы акыры президенттикке жеткиришпейт.


Ал эми парламент депутаты Бакыт Бешимов АКШдагы шайлоодо расалык фактор чечүүчү ролду ойнобойт деп эсептейт:


-АКШда Обамадай кара адамдардын жалпы саны 15 пайыздан ашпайт. Бирок ошого карабастан азыр МакКейнге караганда да Обамага эл көбүрөөк колдоо көрсөтүп жатат. Ошондуктан жалпы Америкада расалык көз караш чечүүчү боло албайт.


Бакыт Бешимов Б.Обаманы Америкага жаңы идеяларды алып келчү талапкер катары баалады:


-Обама Америкага жаңы көз караштарды алып келиши мүмкүн. Бул АКШга эң керек. Ошондуктан жаштар, интеллектуалдар, жаңы өзгөрүүлөрдү күткөн адамдар Обаманы колдошууда.


Ошондой эле Б.Бешимов маселелерди күч жол менен чечем деген мамилеси менен белгилүү Ж. МакКейн учурдагы президент Буштун саясатына байланыштуу шайлоочулардын колдоосуна ээ болуусу күмөн экендигин кошумчалады. Ошентсе да дал ушундай катуу позиция Жон МакКейнге жеңиш алып келиши толук ыктымал, дейт саясат талдоочу Марат Казакпев "Азаттыкка":


-Менин оюмча Жон МакКейн жеңип чыгат. Анткени анын программасы реалдуу болуп жатапайбы. Ал америкалык аскерлер Ирактан, Ооганстандан кетпейт деп түз эле айтып жатат.

Т.Какчекеевдин белгилешинче, мына ушундай аскерий принциптерди тутунган адамдын саясатка, бийликке келиши болочокто кооптуу жагдайды туудурары анык:


-МакКейн Въетнам согушуна катышкан, аскерий принциптерди карманган адам. Ал өзүнүн программасы менен Орусияны жанчам деген оюн айтып жатат. Бул өз кезегинде андан ары Орусия гана эмес, Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөргө да жетет. Урушка, талкалоого барып, куралдуу күчтөрдү пайдаланам дегени коркунчуту туудурбай койбойт.


Марага эки талапкердин кимиси жетпесин, АКШнын Борбор Азия чөлкөмүнө карата мамилеси, дегеле тышкы саясатында олуттуу өзгөрүүлөр болбойт деген көз караштар байкоочулар арасында арбын. Мындай пикирин учурда АКШда жүргөн саясатчы Равшан Жээнбеков да буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде билдирген эле.


Мына ушинтип эртең АКШда өтчү шайлоо тууралуу ар кыл божомол пикирлер айтылып жатат. Ал эми кызуу талкууга алынып жаткан шайлоонун жыйынтыгы кандай болот, ал жакынкы күндөрү белгилүү болуп калат.

XS
SM
MD
LG