Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Адам сатууга кабылгандар быйыл былтыркыдан көп


Мындай маалымат бүгүн Бишкекте адам сатууга каршы күрөшүүгө арналган жыйында айтылды. Талкууга эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышып, өз ара кызматташууну бекемдөө тууралуу меморандум кабыл алуунун зарылчылдыгын белгилешти. Эл аралык миграция уюмунун түштүк аймагы боюнча координатору Химия Сүйөркулованын айтымында, былтыр жүз элүүдөн ашык киши кулчулуктун курмандыгы болсо, ушул жылдын тогуз айында эле адам сатуунун торуна илингендер жүздөн ашкан. Адистер адам сатууга көп учурда кыз-келиндер жана жаштар кабылаарын белгилешет. Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованынын маалымдашынча, чет жактарга жумуш издеп кеткен кыргыз жарандар арасында бир кожоюндан экинчисине, колдон колго өтүп, айлыгын ала албай жүргөндөр арбын. (КЕ)

XS
SM
MD
LG