Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Ысык-Көлдүн айылдары чилдеде электр жарыгысыз калуу коркунучунда


Ысык-Көл облусу боюнча Ысык-Көл району электр энергияны өтө көп сарптап атат. Ошондуктан аны үнөмдөө үчүн шашылыш жыйын өттү. Райондук акимдин орун басары Роза Кайыкова 8 күндө эле 1 млн. киловаттан ашык  электр кубаты жагылып кеткенин белгиледи. Адистер аны көл жээктеги курулуштар менен эс алуучу жайлар элект кубаттуулугу менен гана иштеп атканынан көрүп атат. Ошондуктан 12-ноябрдан бери күнүнө 11 сааттан өчүрүлсө да суткасына өлчөмдөгүдөн 200 миң киловатт көп иштетилип атат. Эгерде электр энергия ушул ыргак менен сарпталып отурса- 25 миңден ашык үй  февраль айында жылуулукту кой, электр жарыгысыз калаары эскертилди. Демек Ысык-Көл районуна кыш чыккыча 13 гана сааттан электр жарыгы берилиши мүмкүн. (RB)

 

XS
SM
MD
LG