Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 21:58

Кытай Кыргызстанга жол cалуу үчүн кредит берет


Кытай өкмөтү элүү миллион юань жана жетимиш миллион АКШ долларлык жеңилдетилген кредитти “Ош-Сары-Таш-Иркештам” жолдорун куруу үчүн бөлүп жатат. Мындай макулдашуу кыргыз Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин Кытайга жасаган сапарынын учурунда жетишилди. ТИМдин кабарлашынча Э. Карабаев башында турган делегация Кытайга 14-16-ноябрь күндөрү барган. Алар иш сапар учурунда Шанхайдагы каржы-экономикалык, өнөр жай жана маданий борборлордо болушту. Аймактын инвестиция тартып келүү тажрыйбалары менен таанышышты. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG