Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Укук коргоочулар ИИМдин алдына чыгышты


“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, бүгүн жыйырма чакты адам дайынсыз жоголгондорду табуу жана өмүргө укукту кепилдөө талаптары менен Ички иштер министрлигинин алдына пикетке чыгышты. Көп узабай алардын катарына Жогорку Кеңештин жоголгон депутаты Руслан Шаботоевдин тарапкерлери келип кошулду. Пикетке чыккандар менен ички иштер министринин орун басарлары Сабырбек Курманалиев жана Дмитрий Федоров жолугушуп, дайынсыз жоголгон адамдарды издөөнүн жүрүшү боюнча маалымат беришти. "Интербилим" уюмунун лидери Асия Сасыкбаева Руслан Шаботоевдин президенттин уулу Максим Бакиев менен ишкерлик байланышы бар деген маалыматтар интернетте чыгууда, бул маселе боюнча Максим Бакиев күбө катары суралдыбы деген суроону милиция жетекчилеринин алдына койгон. Дмитрий Федоров ага жооп берип жатып, андай байланыштар тастыкталбаганын, ошондуктан президенттин уулу суракка чакырылбаганын билдирген. Милиция жетекчилери Руслан Шабтоевди издөөнүн жүрүшү боюнча анын жакындарына ар аптанын жума күнү маалымат берип туруу макулдашылды. Жолугушуудан кийин пикетчилер тарап кетишти. Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун маалымдоосуна караганда, пикет чыккандар саны 20дай киши болду. Ал эми дайынсыз жоголгондорду издөөдө жаңы жагдайлар пайда болуп, анын үстүнөн тергөөчүлөр ишти жүргүзүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG