Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Женевадагы сүйлөшүүлөр: ийненин көзүндөй ийгилик


Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Григорий Карасин
Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Григорий Карасин

Шаршемби күнү Женевада Кавказ проблемасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болуп өттү. Анын жыйынтыгына алымсынышканын Россиянын жана Грузиянын ырасмий өкүлдөрү ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 15-октябрда башталбай жатып эле жыдып калган болчу. Абхаз жана түштүк осетин өкүлдөрү менен бир үстөлдө отуруп сүйлөшкөндөн грузин делегациясы караманча баш тартып койгон.

19-ноябрдагы сүйлөшүүлөр жабык мүнөздө өттү. Бу жолу тараптардын эч кимиси үстөлдөн тура качып, же башка шарттарды коюп,туураланган жок. Ушунун өзү эле чоң ийгилик катары бааланды. “Процедуралык кажетсиз талаш-тартыштарды таштап, ток этер маселелерди талкуулаганга жетиштик, муну чоң секирик десе болот”,-деп билдирди Улуттар Уюмунун Грузиядагы атайын өкүлү Йохан Вербеке.

Сүйлөшүүлөргө катышкандар эки жумушчу топко бөлүнүп,бири – коопсуздук проблемасын, экинчиси – качкындарды кайтаруу маселесин талкуулады. “Бул биринчи кадам болду, президенттер Саркози менен Медведев ортосундагы келишим аткарылып жатат. Айтор,талкуулар кайра жанданганы – позитивдүү кадам”, - деп билдирди АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак.

Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Григорий Карасин да “эми алдыга ишенимдүү карап, сүйлөшүүлөргө кандай тартипте катышуу зарылдыгы жөнүндө эмес, проблемаларды кантип чечүү керек, ушу тууралуу ойлонсо болорун” белгиледи.

Ырасмий Тбилиси колдоп, Түштүк Осетиянын сүргүндөгү өкмөтү аталып жүргөн тараптын өкүлү Дмитрий Санакоев талкуулар жалпысынан дурус кырдаалда өткөнүн бышыктады. ”Тараптар мурдагыдай бир-бирине ызырынып, ырылдашкан жок, ошол эле учурда ар бир делегация өзүнүн доомат-догун айтканга жетишти. Алардын баары мындан аркы жолугушууларда талкууланмакчы”.

Грузиянын тышкы иштер министринин орунбасары Гига Бокерия жаңжалдуу аймакта коопсуздук режими жөнүндө да сөз болгонун кабарлады. Жаңы коопсуздук режимин Тбилиси оккупациялык күчтөрдү реалдуу бейпилдик же полициялык контингент менен алмаштыруудан көрөт.

Женевада сүйлөшүүлөрдөн бир күн өтпөй - бейшембинин таңында – Грузия менен Абхазиянын чек арасында айыгышкан атышуулар болуп өттү. Грузин тарабы биринчи болуп абхаздар ок ачты деп ырасташты, абхаз өкүлдөрү болсо жоопкерчиликти грузиндерге жүктөдү.

XS
SM
MD
LG