Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Азия-Тынч океандагы лидерлер кризиске каршы бирге турууга макулдашышты


Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөрдүн лидерлери дүйнөлүк экономикалык кризиске карата чечкиндүү жана ыкчам чараларды көрүүнү макулдашты. Перунун борборунда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна кирген өлкөлөрдүн кезектеги саммитинде декларация кабыл алынды. Анда азыркы кризис “буга чейин болгон экономикалык кыйынчылыктардын олуттууларынан” деп белгиленет. Саммитке 21 өлкөнүн лидерлери катышып, эркин соода жана өкмөт бөлгөн чыгымдын көбөйтүлүшү кризистен чыгууга жардам берерин айтышты. Саммиттин жүрүшүндө АКШ президенти Жорж Буш Кытай, Жапония жана Орусиянын лидерлери менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG