Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Кыргызстанда Интернет мыйзам аркылуу көзөмөлдөнүшү ыктымал


Мындай мыйзам долбоорун иштеп чыгуу максатын көздөгөн жумушчу топ түзүлдү. Медиаөкүл Илим Карыпбековдун билдиргенине караганда, жумушчу топ Жогорку Кеңештин депутаттарынан, өкмөт өкүлдөрүнөн, журналисттерден куралды. Бул демилге бүгүн Бишкек пресс клубу уюштурган “Кыргызстандагы интернет-журналистиканын азыркы абалы: проблемалар жана келечек” аттуу тегерек үстөлдө талкууланды. Демилгечилердин бири Жогорку Кенештин депутаты Алишер Сабировдун айтымында мындай мыйзам интернеттеги шеринелик баарлашуулардагы абройго шек келтирүүгө, ар кандай жик салууларга багытталган пикирлерди чектөө үчүн керек. Тегерек үстөлгө катышкан журналисттер жамааты бул мыйзам иш жүзүндө сөз эркиндигин чектейт деген кооптонууларын билдиришти. (BuS)

XS
SM
MD
LG