Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк иш чара өтөт


Өкмөт аппаратынын социалдык өнүгүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Ташбаеванын маалымат жыйынында билдиргенине караганда, буга чейин 16 күндүк иш чара бейөкмөт уюмдардын, эл аралык донорлордун демилгеси менен өткөрүлүп келген. Бул жолку кампанияны өткөрүүгө өкмөт биринчи жолу демилге көтөрүп жатат. Иш чаранын алкагында тегерек үстөлдөгү талкуулар, маалымат жыйындар, билим берүү мекемелеринде практикалык сабактар уюштурулат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы жылдары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын саны өсүп барат. Акыркы төрт жыл ичинде эле беш миң зомбулук көрсөтүү фактысы катталып, жабыркагандардын 90 пайызы аялдар болсо, калганын балдар түзгөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG