Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусу бүгүн түштөн кийин башталды. Адахан Мадумаров менен Амиркул Азимов баштаган эки өлкө өкүлдөрүнүн бул жолугушуусунда негизинен ушул жылдын май айында кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусунда каралган маселелердин аткарылышы жана Ош-Исфана жолунун Тажикстанды айланып өтүүчү бөлүгүндөгү талаш туудурган 275 метр аралык боюнча маселе каралууда. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов бул жолугушуунун алдында “Азаттыкка” анда жол боюнча макулдашуу болушу мүмкүндүгүн, бирок ошол жердеги чегара боюнча маселе чечилбестигин билдирди. Эки тараптуу бул жолугушуу бүгүн түн жарымга чейин созулушу күтүлүүдө. (JsA)