Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Индиянын Мумбай шаарында полиция менен согушкерлердин тирешүүсү уланууда


Өлкөнүн премьер- министри Манмохан Сингх бүгүн теледен жасаган кайрылуусунда Мумбайдагы чабуулга жоопкерлерди табуу үчүн "зарыл болгон баардык чаралар" көрүлөрүн эскертти. Ал индиялыктарды биримдикке чакырды. Полициянын маалыматына караганда, согушкерлер ээлеп алган эки мейманкананын бири бошотулду, азыр "Оберои Трайдент" деген экинчи мейманканада барымтада калгандарды куткаруу аракети көрүлүүдө. Аймагына Мумбай да кирген Махараштра штатынын баш министринин айтымында, мейманканадан чыга албай калган коноктор менен жумушчулардын саны 100 –200дүн тегерегинде, ал эми согушкерлердин саны 10-12.

Автоматтар жана гранаттар менен куралданган согушкерлер Мумбайдын эки белгилүү мейманкасына жана темир жол бекетине кечээ удаа кол салышкан. Андан, азыркы маалыматтарга караганда,101 адам каза таап, 300дөйү жаракат алды. Кол салуу үчүн "Деккан можахеддери" деген анча белгисиз топ жоопкер болду. Байкоочулардын баамында, согушкерлер ириде америкалык жана британиялык жарандарды бутага алгандай, бирок барымтада калгандар арасында башка бир катар улуттардын да өкүлдөрү бар.

Дүйнө лидерлери, анын ичинде АКШ президенти Жорж Буш, шайланган президент Барака Обама, орус президенти Дмитрий Медведев жана башкалар бул террордук чабуулду айыпташты. Кыргызстан да бул террордук чабуулду айыптары премьер-министр Игорь Чудиновдун бүгүн Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингхтын дарегине жолдогон көңүл айтуу телеграммасында белгиленген.

XS
SM
MD
LG