Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Коррупция менен күрөш кагылышууларга алып келди


Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова коррупция менен күрөшүүгө күчү жетерин баса белгилеп айтууда.
Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова коррупция менен күрөшүүгө күчү жетерин баса белгилеп айтууда.

Билим берүү министрлиги ЖОЖдун укугуна шек келтирип жатат. Мындай оюн кыргыз-казак академиясынын ректору Николай Михайленко министрдин ректорлорго карата мамилесине байланыштуу билдирди.

Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова жакында эле Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору Ырыспек Өмүркановдун кызматтан алууга негиз берген коррупциялык фактылар туурасында айтып жатып, “бул ишти акыр аягына чейин жөнгө салууга менин күчүм жетет” деп билдирүү жасаган. Мындан тышкары министр жогорку окуу жайларда коррупцияга жол ачкан негизги көрүнүштөрдү баса белгилеп айткан:

-Коррупцияга окууга өтөөрдө, сессия берүүдө, курстан курска которулганда, кадр маселесинде, финансылык-чарбалык документтерди жасаганда жана уруксат документин бергенде жол ачылат. Мына ушул алты көрүнүштү – коррупциянын негизги булагы катары белгилешибиз керек.

Бирок бүгүн укук жана мамлекеттик кызмат боюнча Кыргыз-казак академиясынын ректору Николай Михайленко министрдин билимдин сапатын көтөрүүгө жасап жаткан аракеттерине күмөн санап жаткандыгын билдирди. Анын айтуусунда, министрди азыр билимдин сапаты эмес, ар кандай конфликттерди өзүнүн кызыкчылыгына жараша коомчулукка алып чыгуу кызыктырат:

-Улуттук университеттин ректорун иштен четтетүү чечими кабыл алынды. Бул жерде ректорду гана күнөөлөөгө болбойт. Анткени ар бир окуу жайга министрликтен куратор бекитилип берилет. Алар кабыл алуу комиссиясынын ишине катышып, кабыл алуу компаниясы учурундагы иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүшөт. Эгер кемчиликтер болсо, анда жоокерчиликти ЖОЖ менен кошо министрлик да чогуу тартышы керек. Министр “бул ишти аягына чейин чыгарууга күчүм жетет” деп айтып жатат. Ректорлордун үстүнөн Башкы прокуратурага, Финполицияга, Ички иштер министрлигине кайрылуу анча деле көп күчтү талап кылбайт.

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Эдил Молдоев ректорду кызматтан алууга министрдин жеке кызыкчылыгы бар деген ойго кошула албайт. Анткени университеттин ишиндеги мүчүлүштүктөр жалпы текшерүү ишинин жүрүшүндө ачыкка чыккан:

-Личное делону алганда эле баары ыдырап-ыдырап чыгып жатпайбы! Эми аны ким чукуйун деп жатыптыр. БГУда деле бар экен мүчүлүштүктөр, бирок андай эмес да. Документтеринин баары эле туура болуп турбайбы.

Эл аралык билим берүү боюнча адис Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, ректорлор менен министрликтин ортосундагы тирешүү акыйкат болбой жатат:

-Эгерде бардык окуу жайларды каза турган болсок, бардыгы коррупцияга баткан. Анда бүт ректорлор кетиши керек. Андай болбогондон кийин бул эжекенин жекече каршылыгы бар деп ойлойм. Ошондой эле коррупция менен күрөшкүсү келип жатса, анда өз мекемесинен - Билим берүү министрлигинен баштабайбы.

Билим берүү жана министрлиги менен Коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен комиссиясы Улуттук университетти барып текшерип, жайкы кабыл алуу учурунда кетирилген одоно мыйзам бузууларды таап чыккан. Ошондон кийин министрликтин коллегиясы 13-ноябрда Ырыспек Өмүркановду кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алган. Рысбек Өмүрканов өз кезегинде министрликтин чечимине баш ийбей, соттошуу аракеттерин көрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG